Бир суткада Кыргызстанда алты жолу жер титиреп, 60тан ашуун үй авариялык абалда калды

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өткөн сутка ичинде Кыргызстанда алты жер титирөө болгонун кабарлады. Ош облусундагы 60тан ашуун үй, мектеп, почта жана эки фельдшерлик-акушерлик пункт авариялык абалда калды.

Магнитудасы 6дан 2,5 баллга чейинки жер титирөөлөрдөн кийин атайын комиссия Ош облусунун Чоң-Алай районундагы үйлөрдү изилдеп чыкты.

Жалпысынан адистер 281 турак үйдү карап чыгышты. Баштапкы маалыматтар боюнча, 66 үй авариялык абалда, 215 үйдө майда жаракалар кеткен.

Ошондой эле алты социалдык объект — эки фельдшердик-акушердик пункт, почтанын жана мектептин имараты авариялык абалда.

Карамык айылы

24 үй, фельдшердик-акушерлик пункт жана почтанын имараты авариялык абалда калган. Жер титирөөнүн айынан койлорго таш кулап, 110 кой кырылган.

Шибе айылы

Тогуз үй авариялык абалда.

Жекенди айылы

Мектептин имараты, фельдшердик-акушерлик пункт жана 15 үй авариялык абалда.

Чүлүк айылы

Бир турак үй авариялык абалда калган, мектептин имаратында майда жаракалар кеткен.

Кара-Тейит айылы

17 үй авариялык абалда.

Атайын комиссия имараттарды текшерүүнү улантууда. Авариялык абалдагы үйлөрдүн тургундары чатырларда же боз үйлөрдө жашап жатышат.