Үсөнов: Атамбаев аткаминерлердин декларацияларын сактоо мөөнөтүн узартууну колдойт

Президент Алмазбек Атамбаев декларацияларды сактоо мөөнөтүн узартуу «жогорку кызмат адамдарынын кирешелеринин ачыктыгын жана айкындыгын камсыз кылуу системасын натыйжалуу иштетүүгө» жардам берет деп эсептейт — бул тууралуу Kloop.kgге анын администрациясынын басма сөз катчысы Алмаз Үсөнов билдирди.

Үсөнов Kloop.kgнин редакциясына жазган катында Атамбаев «жогорку баскычтагы мамлекеттик жана муниципалдык жетекчилердин декларацияларын сактоонун мөөнөтүн кыйла узартууну» колдогонун билдирди.

«Азыр коомчулук аткаминерлерден иштеги ачык-айкындыкты гана эмес, өз кирешесинин булагын да ачып көрсөтүүнү туура талап кылып жаткандыгын эске алып, президент Алмазбек Атамбаев декларацияларды сактоо мөөнөтүн узартууну колдойт», — деп жазды Үсөнов.

Азыркы ченемдерге ылайык аткаминерлердин декларациялары алты жыл сакталып, андан соң жок кылынат. Атамбаевдин өзүнүн 2005-2006 жылдары министр, андан кийин премьер-министр болуп турган кездеги декларациясы да ошондой болгон.

«Мамлекет башчысы азыр өзүнүн миллиондогон байлыгын жашырбаган айрым саясатчылар кантип кээде өтө кыска мөөнөттө байып кетишкенине негиздүү кызыккан адамдарды колдойт», — деп билдирди басма сөз катчысы.

Президенттин сөзүнөн үзүндү келтирген Үсөновдун айтымында, жогорку кызмат адамдарынын коомчулук алдында отчеттуулугуна жана алардын кирешесинин айкындуулугуна жетиш керек.

Президенттин администрациясынын бул билдирүүсү декларацияда кандайдыр-бир түрк активдери көрсөтүлгөн-көрсөтүлбөгөнүн текшериш үчүн Kloop.kgин редакциясы Атамбаев 2005-2006 жылдары кандай мүлккө ээ болгонун аныктоо аракетине жооп болду.

Президенттик администрация мурдагы Убактылуу өкмөттүн мүчөсү болгон оппозициячылар 2010-жылдан кийин байып кетишкенин айтып, аларды кирешесин ачыкка чыгарууга буга чейин да үндөгөн.

Бийликти сындагандардын да Атамбаевдин өз байлыгы каяктан келгени тууралуу суроолору бар. Ага жооп кылып президент апрелдин башында Түркиядагы «Elektromed» ишканасындагы өз акцияларын 35 миллион долларга сатканы тууралуу маалыматты жарыкка чыгарган.

Атамбаевдин Түркиядагы бычымдары тууралуу бул маалымат да оппозициячыларда күмөн ойлорду жаратты. Бирок президенттин администрациясы жана «Elektromed» ишканасы  аны чын деп билдирип жатышат.


ТЕМА БОЮНЧА: