АКШнын федералдык чалгындоо бюросунун (ФЧБ) котормочусу Даниэла Грин ИГИЛдин согушкерине ашык болуп калып, ага турмушка чыккан. Ал өз катасын сезип АКШга кайтып келгенден кийин камакка алынган. Жакында эле анын окуясы Америкадагы ЖМКга белгилүү болуп, улуттук коопсуздук боюнча олуттуу көйгөйдүн бар экенин ачыкка чыгарган.

Даниэла Грин 2014-жылы Сирияга кетип баратып өзүнүн жетекчилигине кайда баратканы тууралуу калп айтып койгон. Ал өзүнүн ашыгы «Ислам мамлекети» террористтик уюмунун мүчөсү болуп калган германиялык мурдагы рэппер Денис Кусперттин жанына кетип калган.

Германияда Кусперт Десо Догг сахна аты менен белгилүү болгон. Сирияда ал Абу Талха аль-Альмани деп аталган. Ал өз чыгармаларында Усама бен Ладенди мактап, АКШнын мурдагы президенти Барак Обаманы коркутуп, пропагандалык тасмаларда пайда болуп жүргөн. Видео тасмалардын биринде ал бирөөнүн башын алып атканын көрсөтүшкөн.

Денис Кусперт, же Десо Догг, же болбосо Абу Талха аль-Альмани.

Абу Талха аль-Альмани адамдарды ИГИЛге интернет аркылуу тарткан, ошондуктан ал Америка жана Европадагы терроризм менен күрөшүү органдарынын көңүлүн бурган.

Абу Талха аль-Альманиге турмушка чыккандан бир нече аптадан кийин Грин өз катасын түшүнүп жеткен. Ал кайрадан АКШга учуп кеткенден кийин камакка алынып, бийлик менен кызматташууга макул болгон. Ал эркиндикке 2016-жылдын жай мезгилинде чыккан.

Коопсуздуктун бузулушу

CNNдин журналисттери Гриндин окуясы тууралуу уккандан кийин ФЧБ менен байланышкан. Бул улуттук коопсуздук жана ФЧБнын коопсуздугуна олуттуу зыян келтирген.

ФЧБ CNN телеканалына мекеме коопсуздук боюнча алсыз жактарын азайтуу үчүн чара көрүп жатканын кабарлаган.

АКШнын мамдепартаментинин мурдагы кызматкери Жон Кирби Гриндин Сирияга кириши үчүн ИГИЛдин макулдугу керек болчу деп шек санайт.

«Сириядагы ИГИЛдин аймагына кирүүгө аракет кылгандар башынан ажырап калышы мүмкүн. Ал АКШнын жараны, аял, ФЧБнын кызматкери, ал белгилүү террорист менен мурда бирге жашаган эмес. Мунун баары алдын ала сүйлөшүлүп пландалган болсо керек», — деген Кирби.

Прокуратура Гриндин аракеттерин «кыжырды кайнаткан жана оор жазага татыктуу» деп атаган.

АКШнын прокурорунун жардамчысы Томас Жиллистин ою боюнча, Грин бүткүл өлкөнүн коопсуздугун коркунучка кептеген.

«Ал коомчулуктун ФЧБга карата ишенимин кетирип, кесиптештери тарабынан өзүнө карата ишенимин жоготуп, муну менен АКШнын улуттук коопсуздугун коркунучка кептеди», — деген ал.

Ошого карабастан Грин бийлик менен кызматташууга макул болгондуктан эки жылга гана эркинен ажыратылган. Керек болсо жөнөкөй эле Сирияга барып, ИГИЛдин катарына кошулуу аракетин көрүү үчүн мындан да катаал жаза каралган.

Фордхэм университетинин алдындагы улуттук коопсуздук борборунун маалыматы боюнча, ИГИЛ менен байланыштуу айыпталып жаткан америкалыктар орто эсеп менен 13 жылга чейин абак жазасына кесилген.

Учурда Даниэла Грин мейманканада иштейт. CNNге курган кыскача маегинде ал өзүнүн өтмүшү тууралуу сүйлөөдөн коркоорун айткан.

«Эгер мен баарын айтып бере турган болсом, менин үй-бүлөмүн коопсуздугу коркунучта болуп калат», — деп жооп берген ал.

Гриндин адвокаты Шон Мур дагы жактоочулук сырга байланыштуу анын иши боюнча комментарий берүүдөн баш тарткан.

«Ал болгону бир учурда акылын жоготкон жакшы ниеттүү адам», — деген адвокат.


ТЕМА БОЮНЧА: