Көлдүн жээгиндеги таштандыны тазалоо үчүн Бишкектен 150дөн ашык ыктыярчы Ысык-Көлгө келди. Kloop.kg ыктыярчылардын бири менен тазалоо иштерине күбө болуп кайтты.

150дөн ашуун ыктыярчы 5-майда Ысык-Көлдүн жээгиндеги таштандыны тазалоо боюнча уюштурулган бир күндүк акцияга катышты. Тазалоо иштери Чолпон-Ата шаарындагы ат майдандын жанында жана Бостери айылы жакта өттү.

Акцияны бишкектик активисттер менен жергиликтүү бийлик демилгелеп чыккан.

Ыктыярчылардын бири Эдилбек Абдыкалыков Бишкектеги ЖОЖдордун биринде студент. Биз аны менен чогуу кум жээкти тазалоо иштерине жөнөп кеттик.

Эдилбек Абдыкалыков.

Эдил мындай акцияга биринчи жолу катышып жатат. Бул иш-чара тууралуу ал бир нече күн мурун гана университеттеги тааныш кыздан уккан.

«Жакшы иш кылып, дем алыш күндөрдү пайдалуу өткөргөнгө эмнеге болбосун?» — дейт ал.

5-май күнү эртең менен Эдил «Достук» мейманканасынын жанындагы чогулуу жерине барган. Акцияга катышкысы келгендер жетиден сегизге чейин келиши керек болчу.

Ыктыярчылардын арасында тааныштарым аз эле болчу, бирок аябагандай көп адам көл жээгин тазалоого катышкысы келгени жага берди.

Саат сегиз болоору менен үч автобус патрулдук милициянын коштоосу менен Чолпон-Атага жөнөп кетти.

Жолдо студент Эдил башка ыктыярчы Сыргак менен таанышкан. Сыргак дагы мындай иш-чарага алгачкы жолу катышып жатат жана мүмкүн болушунча көп таштанды чогултууга бел байлаган.

Автобустар Чолпон-Атанын ат майданына түшкү саат бирде жетип келген. Тазалоо иштери башталаардан мурда уюштуруучулар нускама менен тааныштырып, ыктыярчыларды үч топко бөлгөн. Бишкектен келген ыктыярчыларга жергиликтүү тургундар да кошулган.

Жарым сааттан кийин алар Бостеринин жээктерин барса, дагы бир тобу «Көгүлтүр Ысык-Көл» пансионатына кетишкен. Эдил, Сыргак жана башкалар болсо ошол эле жерде калышкан. Аларга спорт комплексинин жана ат майданынын айланасындагы таштандыны терүү тапшырамасы берилген.

Ыктыярчылар тобу кол каптар менен мүшөктөрдү алгандан кийин ат майдан аркылуу шашпай жергиликтүү кум жээкке барышкан. Алардын арасында студенттер менен окуучулар эле эмес, улгайган кишилер менен жаш балдар да бар болчу.

Алар көл жээгиндеги таштандыларды издеп жөнөшкөн. Алар белгилүү бир таштандынын түрүн чогултушу керек болчу, мисалы пластик же шише сыяктуу. Эдил болсо жайнап жаткан пластиктерди териши керек болчу.

Саат экиге чейин ал бир жарым мүшөк таштанды терген.

«Ар кандай сезимдер болуп жатат. Бир чечти жакшы, дагы бир чети… таштанды чогулткусу келгендер аз. Бирок тоолор менен Ысык-Көлдүн фону кемчиликтерди жаап жатат», — деп айтып жатты Эдил бөтөлкөнү жерден алып жатып.

Эдил кум жээкте тез кыймылдап иштеп жатты, кээде башка топторго кошула калып, аларга да кол кабыша калды.

Ал көбүнчө кумдардын жана сайгылаган өсүмдүктөрдүн арасында өзү жалгыз жүрдү.

Таштанды топтоо иштери аяктайын деп калганда Эдил ыктыярчылардын бир тобуна кошулду. Пластик чогултуп жүргөн Эдил бир эле убакта металлды же шишени ала калып, башкаларга өткөрүп берип жатты.

Ат майдандын короосунун жанында алар таштандынын үйүлүп турганын байкап, ал жерде заң баскан темир-тезектерди көрүп калышкан.

Эдил темирди кармап сууруп алууга аракет кылып, ага болсо калгандары жардам бере калып, шалгам тууралуу орус жомогун эске салышты.

Бүт таштандыны чогултуп, мүшөктөргө сорттогондон кийин ал кум жээкке барып, шам-шум этип алайын деген ыктыярчылардын тобуна кошулду. Адегенде ал колун жууп алды. Шамал болгонуна карабастан аба ырайы бир нече саат бою ысык болуп турду.

Эдил бир нече мүнөт жөн эле нымдуу кумда отуруп алып, булуттар менен толкундарга көз чаптырып олтурду. Бир күн кечке иштегенден кийин гана ал эс алууга отурган.

Кечки саат бешке чейин таштанды терилип, түстүү мүшөктөргө сорттолуп салынган: жашыл мүшөктөрдө шише, күрөңдө — пластик, акта — кездеме, бут кийим, жип жана темир-тезектер. Жалпы жонунан алганда ыктыярчылар төрт тонна таштанды чогултушкан.

Бүт чогулган таштандыны ыктыярчылар кум жээктен ат майдандын жанында турган автобустарга алып барышы керек.

Темир-тезек салынган мүшөк жолдо айрылып кетип, ага эки ыктыярчы чуркап барып, төгүлгөн таштандыны башка капка салышты.

Эдил суу ууртап алыш үчүн бир мүнөт гана эс алып алгандан кийин кайрадан ишин улантты — таштанды салынган мүшөктөрдү автобуска чейин алып барышы керек болчу.

Кайра кайтып бараткан жолдо автобустар таштандыны кайра иштетүү пунктуна кирип кетишти. Эдил болсо жасаган ишине ыраазы болуп калды.

Үйгө кетээрден мурда уюштуруучулар ыктыярчыларга ыраазычылык билдиришип кечки тамак алып беришти жана алар дагы келет деген үмүттөрүн айтышты.

Кечки саат жетиде ыктыярчылар автобустарга отурушту.

Түндөсү ыктыярчылар Бишкекке кайтып келишти. Эдил дагы. Ал жаңы досторунун байланыш номерлерин алып, сүрөткө түшүүгө үлгүрдү.

«Биз кичине ойлонуп, анан кийинки барганыбызда көбүрөөк тамак-аш менен суусундук жана кирингенге кийимдерди алып алышыбыз керек экенин сүйлөштүк. Ошол жакта түнөп, тоолордо калсак да болмок», — дейт Эдил.

Университеттеги сынактарга карабастан жаш жигит 27-майда өтө турган кезектеги тазалоо иштерине ыктыярчы катары келүүгө убада берди.

«Мындай мүмкүнчүлүк дайым эле боло бербейт. Бул пайдалуу жумуш жасоо гана эмес, шаардын сыртында убакыт өткөрүү да жакшы», — деди Эдил коштошуп жатып.

Текст: Элвира Муратова
Сүрөт: Метин Джумагулов