Көп батирлүү үйлөрдө кандай ишкерликке тыюу салынышы мүмкүн?

Өкмөт көп батирлүү үйлөрдө коммерциялык ишмердүүлүктүн айрым түрлөрүн тыюуну сунуш кылууда. Демилгечилер муну турак үйлөрдүн имараттары ишкерлик үчүн эсептелген эмес деп түшүндүрүшүп жатышат.

Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба боюнча мамлекеттик агенттик (Мамкурулуш) көп батирлүү үйлөрдүн имаратында жүргүзгөнгө болбой турган иштердин тизмесин коомдук талкууга жиберди.

Ошентип, эгерде өкмөт Мамкурулуштун тизмесин бекитип берсе, силер төмөнкүдөй ишканаларды көп кабаттуу үйлөрдүн имараттарында ачып иштете албайсыңар:

  • Коомдук тамактануу түйүнү (кафелер, барлар, ресторандар, дискотекалар). Тактай кете турган нерсе, эгерде отурган орундар долбоордогу документациядан ашпаса жана ишкана 23:00гө чейин иштесе, анда көп кабаттуу үйлөрдө мындай ишканаларды ачса болот;
  • Балык, химия жана жарылуучу товарлардын дүкөндөрү;
  • Химжуумалар;
  • 10дон ашык кызматчысы бар бут кийим оңдоочу өнөрканалар;
  • Мончолор менен сауналар;
  • Коомдук дааратканалар;
  • Жөрөлгө тейлөөчү мекемелер;
  • Өнөр жай өндүрүш ишканалары.

Бул көп кабаттуу үйлөр коммерциялык ишмердүүлүккө арналбаганы менен байланыштуу.

Мамкурулуш айрым иштердин түрлөрү «турак чөйрөсүнүн аймагын жана абасын булгап, тургундардын кадыресе жашоо шартын бузат» деп эсептейт.

«Долбоорлогондо кошо каралбаган коомдук тамактануу түйүндөрү, […] өз ишинде жалпы канализация түйүндөрүн пайдаланып, аларды майга толтуруп салат да, ал түйүндөр иштен чыгат. Ошондой эле желдетүүчү системалар да зыян тартат», – деп жазылат токтомдун долбоорунун негиздемесинде.