Жеңиш күнүнө карата согуш ардагерлерине 15 миң сомдон акча төлөндү

Кыргызстанда Жеңиш күнүнө карата Улуу Ата Мекендик согуштун ар бир ардагерине 15 миң сом өлчөмүндө жөлөк пул төлөндү. Өлкөдө болгону 640 ардагер калды.

Бир жолу берилүүчү жөлөк пулдарды төлөөгө райондук жана шаардык социалдык өнүгүү башкармалыктарынын эсебине  42,9 миллион сом которулду.

Азыр Кыргызстанда болгону 640 согуш ардагери — согуштун 415 катышуучусу, 173 согуш майыбы, концлагерлерде жашы жете электе туткун болгон 25 киши жаа Ленинград блокадасында болгон 27 адам калды.

2010-жылдан бери согуш ардагерлерине ай сайын 7 миң сом кун төлөнөт. Ошондой эле ардагерлер президент Алмазбек Атамбаевден өмүр бою жыл сайын 10 миң сом стипендия алышат.

Ардагерлердин пенсиясынын орточо өлчөмү — 7 миң сомдон жогору.

Сүрөт: «Азаттык»