Мен кичинекей бала кезимде 9-майды жанымдай көрчүмүн — негизги себеби жылдын ошол маалында согуш тууралуу сыналгыдан документалдуу фильмдерди көрсөтүшкөнү болчу. Ал кезде америкалык согуш кинолору анча тарай элек, андыктан «Барбаросс планы» мен үчүн азыркы балдардын кабылдоосундагы «Трансформер» сыяктуу эле.

Данияр Айтман.

Чынында эле ал советтик фильмдер америкалык комикстерден анча айырмаланчу эмес: ал жакта да тынч жаткан ак көңүл адамдарга адамдын алы жетпеген душман кыянаттык менен кол салат, бирок душман кандайдыр керемет жол менен жеңилип, даанышман жол башчы жетектеген ак ниет баатырлар дүйнөнү сактап калат. 

Кара түстүү президенттин ордуна советтик комикстерде кителчен, канжачан жана грузин акценти менен сүйлөгөн Сталин жүрөт. Мифтердин баары эле бирдей эреже менен түзүлөөрү белгилүү го.

Бомбалоо, артиллериялык аткылоо, танк колонналары бар кадрлар менин балалык кыялымды аябай дүргүтөөр эле. Окоптон чыга калган кинодогу комиссарды туурап «Мекен үчүн! Сталин үчүн!» деп кыйкырып, мен да ак-кара түстүү «Рекорд» сыналгысынын алдында секирчүмүн.

Кичине чоңоё түшкөндө мен «Бул жердин таңдары тынч» деген фильмди көрүп алып ыйлачу болдум. 9 жашымда, мени мектепте сүйүктүү китебим тууралуу сурап калышканда мен «Үч мушкетерду» же «Сырдуу аралды» эмес, «Чыныгы адам тууралуу повестти» айткам. Кыскасы мен совет элинин ыйык эрдигине чын жүрөктөн ишенген кадимкидей эле советтик бала болчумун.

Кийин совет эли тарап жок болду, бизге болсо тарых сабактарында ошол согуштун таптакыр башка жактарын: совет өкмөтүнүн Гитлер менен достугун, советтик командачылыктын компетентсиздигин, миллиондогон жоготууларды, бөгөт кошуундарын ж.б. көрсөтө башташты.

Биз Солженицынди, Астафьевди, Суворовду окуй баштадык. (Мен 2000-жылдары зомби-сыналгынын таасири астында өсүп чоңойгон, менин муунумдагылар мектептин 7-классында билген фактылардан эле чалкасынан кеткен жаштарды аяп кетем). Ошентсе да ал жаңы алган билимдерим менин улуу Жеңиш үчүн сыймыктанганымды азайта алган жок. Көп кан төгүп, жол башчыларыбыз залим чыкса да биз фашизмди жеңип, Европаны бошотподукпу деп ойлоп жүрдүм.

1939-жыл. Варшавалык 10 жашар кыз эми эле немис бомбалоочуларынын чабуулунан улам курман болгон эжесинин сөөгүнүн жанында ыйлап отурат. Сүрөтчү: Жулиан Браун, «Лайф» журналы, тартылган сүрөткө карата автордук укуктун мөөнөтү өтүп кеткен.

Мен Будапештке окууга барганда баары өзгөрдү. Биз окуган университетте көптөгөн студенттер Чыгыш жана Борбордук Европадан келген болчу, андыктан мен Орусия менен байланышкан нерселердин баарына алар абдан салкын мамиле кылаарын дароо байкадым. Мен аны түшүнө алган эмесмин («СССР деле жок болбодубу»), бирок көп өтпөй түшүндүм.

Бир жолу мен согуш тууралуу румынбы, полякпы айтор бирөө менен талаша кеттим. Мен ал студенттен: «Эмне үчүн Орусия силерди бошоткону үчүн эч ыраазычылык дегенди билбейсиңер?» — деп сурадым. Ал болсо:

Бошотуу деген боштондук алып келди деген соз. Орусия менин өлкөмө кайсы боштондук алып келип коюптур? — деп кайра өзүмдөн сурады.

Мен эч нерсе деп жооп бере алган жокмун. Ушундай жөнөкөй фактыны мурда эч качан ойлонбогонума таң калдым. Бошотуу — демек боштондук берүү да.

СССР Чыгыш Европага боштондук алып келген эмес, СССР Чыгыш Европаны оккупациялап алып, орой аскер күчү менен баш ийдирип кармап, чыгыш европалыктардын Кремлден кичине болсо да өз алдынча болоюн деген аракеттеринин баарын ырайымсыздык менен басып турган. Демек, Кызыл Армия боштондук армиясы эмес эле, оккупанттардын армиясы болгон экен.

Ошондо мен биринчи жолу СССРге тышынан, башка элдердин көзү менен карай алдым окшойт.

Мен өзүмдү чехтердин, венгерлердин же Балтика боюндагылардын ордуна коюп көрүп, капкайдагы бир арам сийдик режим, адамзат тарыхынын майып желмогузу алардын башка европалык туугандары менен кошуналары убайын көргөн 40 жылдык эркиндиги менен прогрессин уурдап алганына ызасы менен таарынычын сездим.

Адамзатка каршы тоталитардык түзүлүш дээрлик дүйнөнүн жарымын басып алып, 40 жыл бою адам баласын данектик Холокосттун жар кырында кармап турганы — мыкты жеңиш болбосоң коё кал!

***

1939-жыл. Немис аскерлери менен бир учурда СССР Польшага чыгыштан кол салган. Сүрөттө: 20-сентябрда немис жана совет аскерлери Брест-Литовскто жолугушуп, биргелешкен аскер парадын өткөрүшкөн. Сүрөттүн булагы: Немис мамлекеттик архиви.

Бир жыл мурун мен эки жөнөкөй факт: СССР Экинчи дүйнөлүк согушту агрессор жана оккупант катары баштаганын жана бүтүргөнүн жазган элем. Дмитрий Орлов деген неме «төгүндөмө» бериптир. Албетте, ал эч нерсени төгүндөй алган жок, анткени СССР согуштун башында Гитлер менен сүйлөшүп алып Польшанын, Румыниянын жана Финляндиянын чыгыш облустарын, Литваны, Латвияны жана Эстонияны басып алганын, ал эми согуштун аягында Балтика боюн, Польшаны, Болгарияны, Венгрияны, Румынияны, Чехияны, Словакияны жана Чыгыш Германияны оккупациялап алганын таныш мүмкүн эмес.

Төгүндөөнүн ордуна ал Кремлдини үгүтчүсү: «ал орустун илгертен берки жери болчу», «башкалар деле ошенткен», «алар кошулгандан төбөсү көккө жеткен», «эми биз чек араны нарыраак жылдырганыбыз жакшы эмеспи» деген сыяктуу сөздөр менен актаныптыр.

Байкалгандай, бул актанган сөздөр Орусиянын Крымды оккупациялап жана аннексиялап алышын актаган сөздөргө куюп койгондой окшош.

***

Албетте, фашизмди жеңип чыгыш керек эле, СССР фашизмди жеңип чыкканы да жакшы. Анда эч кандай күмөн болушу мүмкүн эмес. Адамзат ушул апааттуу согушта жан берген миллиондогон советтик адамдардын алдында карыз.

Алардын астындагы карыз согуш тууралуу чындыкты аяр калыбына келтирип, көп жылдык советтик жана путиндик үгүттөмөнүн чаңынан бошотууну талап кылат.

Баарын айтып бериш керек. Бөгөт кошуундары кызыл армиячыларды мина талаалары аркылуу боо түшкөн өлүгү менен жол салууга мажбурлап кууганын да («немистерди өлүктөр менен бастырып атып жеңдик» дегени — батыш үгүттөмөсүнөн алынган сөз эмес, кадимки советтик майдан жоокерлеринин айтканы). Кызыл армиячылар жеңилген Германияда талоончулук кылып, аялдарды зордукташканын дагы.

***

Менин бир кесиптешим бар эле, жакшы немис жигит болчу. Бир жолу ал мага чоң атасы Одессанын астында согушуп, бактыга жараша тирүү калганын айтып берген. «Тирүү калганы жакшы болуптур», деп ойлоп койдум мен. Чоң атасы кайтып келбесе бул жакшы жигит деле жарык дүйнөдө болбойт эле да. Башка жагынан карасак, балким анын чоң атасынын айынан башка да жакшы кишилер жарык дүйнөгө келбей калгандыр?

Татаал эле нерсе бул. Каяктагы жеңиш? Бир тууганын өлтүргөн эле канабайрам болгон да, адам баласы башка бир адам баласын өлтүрүп…

Бул күнү мен чоң атам тирүү кайтып келгенине сүйүнөм. Ал курман болсо мен жок болот элем. Ошол согушка катышып, тирүү кайтып келген чоң аталар ким тарабында согушканына карабай, тирүү кайтып келишкени үчүн сүйүнөм. Ошол согуш эчак бүткөнүнө, менин муунумдагылар дүйнөлүк согуштан жана концлагерлерден коркпой турганына кубанам. Анын баары тарыхта эле калсын.


ТЕМА БОЮНЧА:

ПИКИР БИЛДИРИҢИЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here