Бишкектеги Кайгуул милициясынын имаратында бомба табылган жок

Бишкек ШИИБи Кайгуул милиция башкармалыгынын имаратында бомба табылбаганын билдирди. Ага чейин имараттан адамдардын баары чыгарылган, анткени милиция кызматкерлери шектүү баштык таап алышкан.

Саперлор Бишкек ШИИБнин Кайгуул милиция башкармалыгынын имаратында жардыруучу түзмөк табышкан жок.

Шектүү буюм жөнүндө билдирүү 13:00дө келип түштү. КМБнын басма сөз кызматы Кайгуул милициясынын административдик корпусунун экинчи кабатында баштык калтырылганын билдирди.

Баштыктын кожоюну табылбай коюп, ал жакта бомба болсо зыянсыздандырыш үчү саперлор чакырылды. Кызматкерлер менен келген кишилердин баары имараттан тышка чыгарылды.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин саперлору баштыктан кофта, кепка жана электрондук саат табышты.

Сүрөт: «Спутник»