Бишкектин мэри Текебаевге каршы: Сот «алабарман» деген сөздү экспертизадан өткөрүүдөн баш тартты

Сот «Ата Мекен» партиясынын башчысы Өмүрбек Текебаев Бишкектин мэри Албек Ибраимовду сүрөттөгөн «алабарман» деген сөздү лингвистикалык экспертизадан өткөрүү тууралуу партия юристтеринин өтүнүчүн четке какты.

«Ата Мекендин» юристтери Таалайкүл Токтакунова менен Канатбек Азиз соттон Бишкектин мэри Албек Ибраимов ар-намыска тийди деп эсептеген «алабарман» деген сөздү лингвистикалык экспертизазадан өткөрүүнү суранышкан. Бирок сот өтүнүчтү канааттандырган жок.

«Биз талабыбызды негиздүү деп эсептедик, анткени президент «Ата Мекенди» сасыган партия деп атаганы үчүн ага каршы берилген доо арыз боюнча иште ошондой эле жагдай түзүлгөн», — деди Токтакунова.

Эки ай мурун Биринчи май райондук соту Албек Ибраимовдун доо арызын канааттандырып, ишкерлик абройго зыян келтиргени үчүн Текебаевди доочуга 1 миллион сом төлөп берүүгө милдеттендирген.

Былтыр күзүндө Текебаев Ибраимовду сынга алып, аны «алабарман» деген.

Текебаев мындан тышкары Ибраимов мэрдин ордун алыш үчүн Кой-Таш айылындагы жерди президент Алмазбек Атамбаевге бергенин айткан.

Оппозиция өкүлү ошондой эле Ибраимов «Манас» аба майданынын директорлор кеңешинин төрагасы болуп турганда борттук тамактануу цехин жогорулатылган баа менен сатып алганын да билдирген.

Бирок Ибраимов өзү бул дооматтарды четке кагып, ишкерлик аброюна шек келтиргендиги үчүн оппозициячыны сотко берген.

Текебаевдин адвокаттары соттун чечимине каршы даттанышып, Текебаевдин сүйлөгөн сөзү канчалык ар-намыска тийээри тууралуу лингвистикалык экспертиза өткөрүүнү талап кылышкан.


ТЕМА БОЮНЧА: