Жогорку сот Салянованын күйөөсүн жети жылга шарттуу кести

Жогорку сот парламент депутаты жана мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын күйөөсү Бакыт Абдыкапаровду алдамчылык боюнча күнөөлүү деп тапты. Ал жети жылдык мөөнөткө шарттуу түрдө үч жылдык сынак мөөнөтү менен кесилди, ал ошондой эле беш миң сом штраф төлөп бериши керек.

Салянованын күйөөсү, ишкер Бакыт Абдыкапаровго каршы кылмыш иши 2015-жылдын башында «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызмат адамдарынын бузумдарын иликтөө учурунда козголгон.

УКМКнын тергөөчүлөрүнүн версиясы боюнча Абдыкапаров Бишкек жылуулук борборуна сапатсыз көмүр жеткиргендиги үчүн 50 миң доллар алган.

Ага өзгөчө чоң өлчөмдө башкалар менен алдын-ала сүйлөшүп алып алдамчылык кылган деген айып коюлган.

Иш боюнча өткөн Башкы прокуратуранын башкармалыгынын мурдагы башчысы Нуртазин Жетибаев, Канат Карымшаков, Турсунбек Мамбеталиев да шарттуу кесилди.

«Электр станциялары» ААКнын мурдагы коммерциялык директору Кемел Имановду сот эки жылга шарттуу кести.

Салянова менен Атамбаевдин тирешүүсү

Бийлик Салянова башкы прокурордун кызматын ээлеп турганда анын күйөөсүнө каршы кылмыш ишин козгогон.

Ошондон кийин Салянова президент Алмазбек Атамбаевди ачык сындай баштаган. Салянова кийин башкы прокурордун кызматынан кетүүгө мажбур болгон. Ал ошол кезде бийлик ага кысым көрсөтүп жатканын билдирген.

2016-жылы, оппозициячыл «Ата Мекен» партиясынан депутат болуп шайланган Салянова Атамбаевдин конституциялык реформасына каршы чыгып, өлкөнүн негизги оппозициячыл саясатчыларынын бири болуп калды.

2016-жылдын февралында Салянова Атамбаев өзү Бишкек жылуулук борбору үчүн «Прогресс Компани» компаниясынын көмүр сатып алышын «сүрөөнчүлүккө алганын» билдирген.

Азыр Саляновага каршы да кылмыш иши козголгон. Ал 2010-жылы юстиция министри болуп турган кезинде Максим Бакиевдин мурдагы адвокаты Алексей Елисеевдин лицензиясын мыйзамсыз узартып берген деп айыпталууда. Иштин материалдары сотко өткөрүлдү.

Андан тышкары, Салянова 2010-жылы «Мегаком» уюк операторунун акцияларын сатууга кызыккан деп шек саналууда.


ТЕМА БОЮНЧА: