«Өкүнүчтүү»: Мамдуманын депутаты Затулин Атамбаевдин сын пикирине жооп кайтарды

Мамдуманын депутаты Константин Затулин анын кыргыздарды «чоочун» деп айтканы тууралуу Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин билдирүүсүн жалган деп атады. Мамлекет башчысы аны Жеңиш күнүнө карата куттуктоо сөзүндө айткан.

Затулин Атамбаевдин сын пикирине жооп кайтарып, президентке жазылган катын өзүнүн расмий сайтында жарыялады. Депутат Кыргызстандын президентинин ага айтылган сөздөрүн «үгүт жаатында өч алуу» деп атады.

Затулин өзүнүн кыргыздарды «чоочундар» деп айтпаганын, Атамбаев бул сөздөрдү ага жармаштырып койгонун билдирди.

«Маанилүүсү, меники катары айтылган сөздү Орусия коомунун кыргыз элине жана анын Улуу Ата Мекендик согушка катышуусуна сый-урматсыз мамиленин мисалы катары көрсөткүсү келип жатышат. Анысы калп.  Республика президенти өзү айтып койсо эле ал калп болбой калбайт», — деп жазды Затулин.

Мамдуманын депутаты Атамбаев оппозицияда болуп, Кыргызстандын мурдагы бийлиги —  мурдагы президент Курманбек Бакиевдин үй-бүлөсү тарабынан куугунтукка кабылганда ага жардам бергенин эске салды.

«Так ушу "ата-бабасы Европанын токоюнан чыккан" мага Атамбаев мырзанын жердеши Андрей Бельянинов коңгуроо кагып, досун репрессиядан сактап калыш үчүн кайрылган. Мен ошондо жардам бергем», — деп жазат Мамдуманын депутаты.

Затулин берүүдө эмнелерди айткан?

Өз сөзүндө Атамбаев «Россия-1» телеканалындагы Владимир Соловьевдун берүүсүндө Затулин Кыргызстандан барган мигранттарга «катуу чара көрүүгө» үндөгөнүн айткан.

Бирок Затулин Соловьевдун көрсөтүүсүндө өзүнүн жаңы мыйзамдарын көрсөткөнүн, ал «орус тилин билгендердин жарандык алышын жеңилдетээрин» билдирди.

«Тескерисинче дал ушу мен басмырлоого каршымын — ал орус салтында жок, анын үстүнө биз Кыргызстан жана Казакстан менен жалпы интеграциялык долбоор — Евразия Бирикмесине кошулганбыз», — дейт Затулин.

Затулин Орто Азия өлкөлөрү Орусияга падыша доорунда эле кошулганын, кийин СССРдин курамында болушканын айтты. Бирок ал Орто Азиянын элдерин мекендештер деп эсептебей турганын белгиледи.

«Мен кыргыздарды мекендештер деп эсептебейм, анткени кыргыздар тарыхый жактан Орусияда жашаган элдердин катарына кирбейт», — деди ал.

Мамдуманын депутаты программа тартылып жатканда ал чыккандан көп өтпөй Петербург метросунда жарылуу болоорун, аны уюштуруу боюнча Кыргызстанда туулгандар айыпталаарын билбегенин баса белгиледи.

Атамбаев Затулин жана өгөйсүнтүү жөнүндө

Затулин 9-майда Алмазбек Атамбаев Кыргызстандан барган мигранттарга карата өгөйсүнтүү менен «ажаан тилин агытып» жатышат деп айрым орусиялык саясатчыларды жана жазуучуларды күнөөлөгөнүнө жооп кылды.

«Мисалы, Орусиянын Мамлекеттик Думасынын депутаты Константин Затулин мамлекеттик “Россия-1” телеканалынын эфиринде Кыргызстандан барган мигранттарга катуу чара көрүүгө үндөп, аны кыргыздар чоочун, тарыхый жактан Орусияда жашаган элдердин катарына кирбейт деп негиздеген», — деген эле Атамбаев.

Президент Орусияны кыргыздардын «тарыхый түпкү мекени» деп, алар Шиберден, Алтайдан чыкканын, алтай элдеринин чоң тутумуна кирээрин айткан.

«Кыргыздар Орусияга чоочун деп Затулин айткыдай жөнү жок. Тескерисинче анын ата-бабалары, фамилиясына караганда, Орусияга же Палестинанын чөлүнөн же Европанын токойлорунан келсе керек», — деген Атамбаев.

Президент согуш учурунда Орусиядан эвакуацияланган жүз миңдеген адамдар Кыргызстандан башпаанек жана экинчи мекенин табышканын баса белгилеген.

«Орусиянын мүшкүлү “чоочундар” эмес, Кыргызстандан барган эмгек мигранттары эмес, Орусиянын ичинде өгөйсүнтүүнү жана улут аралык араздашууну козгоп жаткан өзүнүн айрым жазуучулары менен саясатчылары», — деп эсептейт Атамбаев.

Сөзүнүн аягында Атамбаев өгөйсүнтүүгө каршы турууну орусиялык саясатчылар Орусиянын президенти Владимир Путинден үйрөнүшү керек экенин билдирген.


ТЕМА БОЮНЧА: