«Карга инкубатор»: Ысык-Көлдө каргалар жөжө басып чыгарып жатышат

Ысык-Көл облусунун Токтоян айылынын тургуну Кудайберген Абдылдаев беш жылдан бери каргалардын уясына тооктун жумурткаларын салып, алар болсо жөжө басып чыгарат.

Түп районунун Токтоян айылында мелүүн климаттын аркасы менен жылы бою каргалар үзүлбөйт. Жаз мезгилинде каргалар өз жумурткасын басып чыгарып жатканда Абдылдаев учурдан пайдаланып алардын уясына тооктордун жумурткаларын салып коёт.

Ошентип ал тоокторунун санын арбытып алды. Былтыр каргалардын уяларында 30 жөжө чыгып, алар азыр фермердин тоокканасында жашап жатышат. Быйыл да каргалар 30дай жөжө басып берген.

Карганын уясына тооктун жумурткасын салуу жөнүндө ой Кудайбергенге алты жыл мурун келген. Туура жыйырма күндү санап бүтүп ал бакка чыкканда басылып чыккан жөжөлөрдү көргөн.

Анын айтымында, жөжөлөрдү уядан убагында алып турбаса алар өлүп калышы мүмкүн.

«Жөжөлөр карганын тумшугунан тамак жей албайт. Жөжөлөр жумурткадан чыккандан тартып эле аябай бейбаш болушат, андыктан уядан түшүп калышы мүмкүн», — дейт Абдылдаев.

Кудайберген ар бир карганын уясына ашып кетсе үчтөн жумуртка салып коюп, жок дегенде карганын бир жумурткасын калтырып коёт.

«Үч жумурткадан көп салып койсо карга башка жакка учуп кетип калышы мүмкүн», — дейт ал.

Кудайберген — айылда мындай адатта жок иш менен алектенген бирден-бир киши.

Мектепти бүткөндөн кийин ал айылда жашаганы калып, ошондон бери жер иштетип, мал кармайт.

Видео: Саламат Кайкиев, Элмурат Асан