Алмазбек Атамбаевдин майрамдык сөзү өтө чуулгандуу болду. Бирок ага бул үчүн эч нерсе болбойт.

Макала орусиялык «Репаблик» басылмасынын уруксаты менен чыгарылды. Колонка орусиялык журналист жана жазуучу Олег Кашин тарабынан жазылган жана анын жеке көз карашын чагылдырат. «Репабликке» бул жерден жазылса болот.

Жер жүзүндө эң жадатма жаңылык — орус ЖМКларында кезектеги чет элдик мамлекеттик ишмер орустарга каршы билдирүү жасап чыкканы.

Олег Кашин, орусиялык журналист, публицист жана жазуучу.

Бул, демек, Батыштагы кайсы бир саясатчы кандайдыр бир тарыхый окуяга карата (көбүнесе аябай талаштуу) советтик көз карашка шек келтирген болот, же Владимир Путиндин саясатын сынга алган болот, же болбосо кандайдыр бир себептер менен орус расмий адамдарынын кыжырын келтирген бир сөз айтып, бирок Орусия менен анын жарандарынын намысына эч кандай деле шек келтирбеген жана орустарга каршы нерсе катары чечмеленбей турган пикирди айткан болот.

Бирок кээде жооштон жоон чыгат деген туура окшойт. Кыргыз президенти Алмазбек Атамбаевдин майрамдык куттуктоосу кайсы чен-өлчөм менен карабайлы ушунчалык таң калтыргандыктан, аны пародия эмес бекен деп кайрадан текшерип чыккың келет.

Экинчиден, анын пародия эмес экени аныкталган соң, башыңды мыкчып «Деги бул эмне деп атат, ошентип айтууга укугу бар беле!» деп кыйкырышың керек. Бирок Кыргызстан Орусиянын ТИМи орустарга каршы чыктыңар деп доомат картып нота жөнөтө турган өлкө эмес экени түшүнүктүү болуп турса да, алдыбызда болуп көрбөгөндөй демарш турат.

Башында бул күлкү келтирет. Ооба, бул — кыргыз президенти баары бир баарынан мурда орусиялык телекөрүүчү, жада калса сыналгы менен сүйлөшкөндү жакшы көргөн телекөрүүчү катары кала берген чыныгы орус дүйнөсү. Өлкө башчысы Өчпөс оттун жанындагы салтанаттуу иш-чара учурунда туруп алып орус медиасын кенен-кесири айтып киргени, (жаңылыктарга түшүү үчүн радионун студиясында жаңжал кылып, идиш-аяктарды ыргытмайын эч ким көңүл бөлбөгөн) Михаил Веллерге шилтеме жасаганы, Владимир Соловьёвго суктана баштаганы жана Константин Затулинди тилдеп киргени чын эле күлкүлүү.

Соловьёвдун шоусун Өчпөс оттун жанында айтып берип жаткан Атамбаев — бул өзүнчө бир анекдот.

Алмазбек Атамбаев Өчпөс оттун жанында ардагерлерди Жеңиш күнү менен куттуктап жатат. Сүрөт: Президенттин сайты.

Андан ары оройлугу башталат, оройлугу деле башында күлкү келтирет: (Билими боюнча советтик инженер-экономист) президент тилчи боло калып, «Сибирь», «Байкал» жана «Енисей» сөздөрү кыргызча (кыргыз тили башка андан да кеңири тараган түрк тилдүү топко кирет, ар бир түрк сөзүн кыргызча деп атоо — бул көз көрүнөө аша чапкандык) сөздөр экенин айтып, ал эми Орусия кыргыздардын түп мекени деп түшүндүрүп кирет.

Атамбаев Алтайдан чыкты деп эсептеген (ал үчүн бул кыргыздан чыкты деген менен эле бирдей) орусиялыктардын баарын санап отурат — Карамзин, Аксаков, Тургенев, Есенин, Ушаков, Кутузов, Шойгу, Нарышкин, Кара-Мурза, андан ары Веллер менен Затулинди «Палестинанын чөлүнөн же Европанын токоюнан чыккан» деп атай салып, андан ары күлкү келтирбей турган жагына өтөт — жакында Петербургда болгон, тергөө Кыргызстандын Ош шаарында туулган өзбек улутундагы Акбаржон Жалилов аткарган деп эсептеген террордук чабуулду кеп кылат.

Өзүн Петербургдун метросуда жардырып жиберген Жалилов Орусиянын жараны болгону белгилүү, андыктан кыргыз президенти анын жоопкерчилигин көтөрүүгө деле милдеттүү эмес эле, бирок ал эмнегедир ошентип, Жалиловду «балким дал ошол өгөйсүнтүү менен такырбаштар аны экстремизмге түрткөндүр» деп актап отурат.

Ушул топтомдун баары — «силер бизден келип чыккансыңар», «силер илгерки биздин жерибизде жашап жатасыңар», ⁠«биздин балдар силердин метродо жарылып жатышат, анткени силер аларды ошого жеткирип жатасыңар» — ушунун баары биздин өлкөгө душмандыгы бар чет элдик адам үчүн чын эле жарашыктуу сөзмөрлүк каражат.

Бирок Кыргызстан Орусиянын душманы эмес, ал анын өнөктөшү жана кайсы бир мааниде жан жөкөрү. Бардык орус-кыргыз өнөктөштүгүн эске алганда Атамбаевдин орой тили кызыктай угулат, бирок ал орусиялык аудиторияны таң калтырат дегендей түр көрсөтпөй эле коёлу — Москванын өз өнөктөштөрү жана жан жөкөрлөрү меен болгон советтик жана андан кийинки тажрыйбасы дал ушундай, ал жерде кимиси агасы, кимиси иниси экени да анча так эместей көрүнөт.

Атамбаевдин Орусия менен сүйлөшүүсү — Москванын жан жөкөрүнүн жүрүш-туруш стандарты, ал өзүнүн жан жөкөрлүгүнүн эсесин демөөрчү-империянын үстүнөн болгон абсолюттук артыкчылык сезими аркылуу чыгарат.

Ал так ушул Орусия татыктуу болгон тилде сүйлөп жатканын түшүнөт, андыктан анын сөзү бекеринен бардык орусиялык саясатчыларды «Орусия Федерациясынын президенти Владимир Владимирович Путинден сабак алууга» үндөө менен аяктап жаткан жери жок.

Орусиянын бийлигин мактап туруп өзүнө тил тийгизүү да көнүмүш нерсе. Атамбаев менен Путин чын эле өнөктөштөр, алардын өнөктөштүгү ШКУ, ЕврАзЭС же ЖККУ сыяктуу чымчык тилиндей аббревиатуралар менен эмес, так ошол Атамбаевди сүйлөгөн кебиндеги сөздөр менен сүрөттөлөт — Орусиянын сыналгысынын үлгүлүү көрүүчүсү катары ал мамлекеттин көп улуттуулугунан тартып 282-беренеге чейинки орусиялык үгүттөмөнүн негизги калыптарын чагылдырды, анысы болсо маркум Акбаржон Жалилов сыяктуу орусиялыктарды экстремизмден коргосо да, тилекке каршы кээде иштебей калган жайы бар.

Санкт-Петербургдун метросунда террордук чабуул койду деп шек саналган Акбаржон Жалилов.

Ушунусу орус атайын кызматтарынын Атамбаев ойлоп тапкан эмес, чындап эле тандалып алынган иш багыты, аларга тамыры Орусияда тыюу салынган ИГИЛге чейин жеткен исламисттик жашыруун күчтөрдү бир нерсе кылганга караганда экстремизм менен күрөшкөн алда канча көбүрөөк жагат, бул жерде Атамбаев ФККнын бардык эле генералдары ойлоп жаткан нерсени кайталап жаткандай.

Атамбаев Орусиянын өз жетекчилиги кайсы тилде сүйлөшсө, Орусия менен так ошол тилде сүйлөшөт, бул учурда чет элдиктин добушу биздин болмуш үчүн эчак эле көнүмүш фон болуп калган нерсени укканга жардам берет.

Болгону бир жума мурун Орусия Кыргызстандын кезектеги 240 миллион доллар карызын кечкенин эске алсак, Атамбаевдин сөздөрү эки эсе жийиркеничтүү угулат — кыязы, ал акча Путинди мактаганга эле жеткен окшойт, ал эми кайсы бир башка сөздөр үчүн (шарттуу түрдө — «менин мекендешим силердин метроңорду жардырып жибергенине өкүнөм, эгерде силер азыр өз коопсуздугуңарды камсыз кылып, менин өлкөмдөн барган миграцияны чектесеңер мен силерди туура эле түшүнөм» дегендей сөздөр үчүн) өзүнчө төлөш керек окшойт.

9-майдын алдында эмнегедир Бишкекке Сергей Шойгу менен Сергей Кириенко учуп барышкан — балким Атамбаев өзүнүн сүйлөй турган сөзүн алар менен талкуулаган болушу мүмкүн, алар андан Орусияга алгылыксыз эч нерсе таппаса керек, айтса-айтпаса төгүнбү — эгерде кимдир-бирөө Путин менен Соловьёвду мактап жатса, калганы эч кандай мааниге ээ эмес да.

Башкы сүрөт: Рамиль Ситдиков/РИА «Новости»