Жогорку сот Салянованын күйөөсүнө өкүм чыгарган эмес

Кыргызстандын Жогорку соту Салянованын күйөөсү Бакыт Абдыкапаровдун ишин карабаганын билдирди. Мурда Жогорку сот Абдыкапаровду жети жылга шарттуу кескени тууралуу маалымат пайда болгон.

Жогорку соттун басма сөз кызматы билдиргендей, сотчулар «Тазалык» муниципалдык ишканасынын мурдагы башчысы Марат Кутановдун гана кылмыш ишин карашкан.

Бишкек жылуулук борборуна сапатсыз көмүр жеткирүү боюнча калган айыпталуучуларга — жылуулук борборунун коопсуздук кызматынын мурдагы жетектөөчү адиси Турсунбек Мамбеталиевге, «Электр станцияларынын» мурдагы коммерциялык директору Кемел Имановго жана ишкер Абдыкапаровго — карата Биринчи май райондук сотунун өкүмү күчүндө калууда.

Ага ылайык Салянованын күйөөсү үч жылдык сыноо мөөнөтү менен жети жылга шарттуу түрдө эркинен ажыратылган жана 5000 сом штрафка жыгылган.

Салянованын күйөөсү ишкер Бакыт Абдыкапаровго каршы кылмыш иши  «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызмат адамдарынын бузумдарын иликтөө учурунда 2015-жылдын башында козголгон. Анда Салянова башкы прокурордун кызматында болчу.

Абдыгапаровго өзгөчө чоң өлчөмдө бир топ кишилер менен алдын ала сүйлөшүп алып алдамчылык кылган деген айып коюлган.

Ошондон кийин Салянова президент Алмазбек Атамбаевди ачык сындай баштаган. Салянова кийин бийлик ага кысым көрсөтүп жатканын билдирип, башкы прокурордун кызматынан кетүүгө мажбур болгон.

2016-жылы, оппозициячыл «Ата Мекен» партиясынан депутат болуп шайланган Салянова Атамбаевдин конституциялык реформасына каршы чыгып, өлкөнүн негизги оппозициячыл саясатчыларынын бири болуп калды.

2016-жылдын февралында Салянова Атамбаев өзү Бишкек жылуулук борбору үчүн «Прогресс Компани» компаниясынын көмүр сатып алышын «сүрөөнчүлүккө алганын» билдирген.

Азыр Саляновага каршы да кылмыш иши козголгон. Ал 2010-жылы юстиция министри болуп турган кезинде Максим Бакиевдин мурдагы адвокаты Алексей Елисеевдин лицензиясын мыйзамсыз узартып берген деп айыпталууда. Иштин материалдары сотко өткөрүлдү.

Андан тышкары, Салянова 2010-жылы «Мегаком» уюк операторунун акцияларын сатууга кызыккан деп шек саналууда.

Сүрөт: «Вечерний Бишкек»


ТЕМА БОЮНЧА: