Орусиялык жазуучу Веллер Атамбаевдин сын-пикирине жооп берди

Жазуучу Михаил Веллер орус басылмаларынын бирине маек куруп, президент Алмазбек Атамбаевдин Жеңиш күнүндө сүйлөгөн сөзүнө комментарий берди.

Михаил Веллер «Росбалт» басылмасына маек куруп, Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин Жеңиш күнүндө сүйлөгөн сөзүнө комментарий берди. Алмазбек Атамбаев, 2017-жылдын 9-майында ардагерлердин алдына чыгып сөз сүйлөгөн учурда жазуучу Михаил Веллер менен депутат Константин Затулин Орусиядагы ксенофобиянын идеологдорунун бири экенин айткан.

Веллердин айтымында, аны «кыргыздардын душманына» 11 жыл мурда курган маегинен улам чыгарып коюшкан, анда ал такырбаштардын кыймылын анализдеген.

«Орусиянын белгилүү жазуучусу "Росбалт" агенттигине курган маегинде такырбаштарды иш жүзүндө колдогон. Алардын аңдап жетпей эле Орусия мамлекетин коргоо боюнча функцияны өздөрүнө алып алышканын билдирип чыккан», — деген Алмазбек Атамбаев 9-майда.

Алмазбек Атамбаев Жеңиш күнүндөгү куттуктоо сөзүндө Веллер менен Затулинди сынга алган.

Веллер 2006-жылдагы интервьюсунда эмне тууралуу айткан?

Жазуучу Михаил Веллер өзүнүн интервьюсу тууралуу унутуп калганын жана аны үч күн издеп атып тапканын айткан. Ал 2006-жылдын май айында болгон.

«Кыргыздар тууралуу ал жерде эч кандай сөз болбойт. Шылтоо да, окуя да болгон эмес. Ал эми такырбаштар тууралуу мынтип айтылган эле: "Улутчул-экстремизмдин бүгүнкү ээнбаштыгын улуттук өзүн-өзү сактоо инстинктинин күчөшүнүн майып, оорулуу жана коркунучутуу формасы деп эсептегенге болот"», — деген Веллер.

Веллердин айтымында, ал интервьюда бир ибадатканага өз эрежелериңди таңуулаганга болбойт деген.

«Кайсы бир убакта мен азербайжан базар мафиясын айтканымда, Азербайжандын президенти эч нерсе деген эмес. Тажиктердин наркотрафиги туурауу айткам, Тажикстан унчуккан эмес. Кыргызстанда эмне болуп кетти эле, Атамбаев антип сөз сүйлөдү? Спичрайтер сөз даярдап, ага болсо жардамчылары менен референттер материал алып келип атканы түшүнүктүү, бирок президент өз атынан сүйлөп жатат да!» — деген жазуучу.

Веллер, ошондой эле, президент Атамбаевдин жазуучунун аты-жөнү жана ыктымал ата-теги боюнча айткандарына да комментарий берген.

«Кыргыздардын Орусияга бөтөн эл экенин Затулин менен Веллер айтпай эле койсун. Фамилияларына караганда, алардын ата-теги Орусияга Палестинанын чөлдөрүнөн, же Европанын токойлорунан келген болушу мүмкүн», — деген президент.

Веллердин ою боюнча, Атамбаевдин сөздөрүндө улутчулдук маани жатат.

«Бир нерсе жакшы болбой калганда, "жат адамдарды" бөлүп көрсөтүп, орустарга каршы коюу — бул жаңы идея эмес. Башкача айтканда, жебени "биздин бир тууган эки элдин ортосунда кастыкты козутууга аракет кылган жат адамдарга" багыттоо. Бул мурда "жөөт картасында ойноо" деп аталаар эле», — деген ал.

Орус жазуучусунун божомолу боюнча, Атамбаевдин айткандары питер метросундагы терактка кыргызстандыктардын шектелип жатканы менен байланыштуу болушу мүмкүн.

«Коомчулукту алагды кылыш үчүн текшерилген ыкма — душманды көрсөтүү. Мына ошондуктан биздин жакшы мамилелерибиз кимдин айынан бузулуп, мына биздин бир тууган элдердин достугун ким санаага салып жатат!» — деген ал.


ТЕМА БОЮНЧА: