Ысык-Көлдө орусиялык туристтерди курал менен коркутушкан

Москвадан келген Евгений Дияновду «Жомок» өрөөнүнө кириш үчүн курал менен коркутушкан. Окуяга туристтердин тобу күбө болгон.

Орусиялык турист Евгений Диянов окуя тууралуу 24.kg басылмасына айтып берген. Диянов дос кызы менен каньонго келип, тосмого туш болушкан.

Тосмону көзөмөлдөп отурган адам туристтерге кирүү үчүн киши башына 50 сомдон төлөшү керек экенин айткан. Диянов эмненин негизинде акча чогултулуп жатканын сурап документ көрсөтүшүн талап кылган.

«Кийин алар мени BMW автомашинасы жакка алып барышып, багажды ачып, мылтыкты көрсөтүштү. Анан дагы суроом бар бекенин сурады. Алар экөө болчу», — деген турист.

Дияновдун айтымында, аны коркутушуп, «өрөөнгө кирсе болоорун, бирок анын коопсуздугуна алар жооп бербесин» айтышкан. Өзүнүн жана дос кызынын коопсуздугун ойлоп, ал акча төлөп, эки эсеп-дүмүрчөк алган.

«Мен табият менен өлкөгө аябай суктандым. Ал эми бул окуя бардык алган таасирибизди жууп кетти, чынын айтсам, мындайды 90-жылдардан бери кезиктирген эмес элем. Ал жерде микроавтобус менен келген туристтердин тобу да бар болчу, алар мунун баарын көрүштү», — деген ал.

Милиция туристтерди коркуткан эки кишинин тек-жайын аныктаган. Алар 26 жаштагы Айбек Кубанычбек уулу менен 16 жаштагы Самат Жумаев болуп чыккан.

Алардын айтмындарында, каньондун аймагы Абай Түнгатаров деген кишиге жети жылга ижарага берилген. Ысык-Көл облустук ИИБи мамлекеттик органдарга «Жомок» өрөөнүнө кириш үчүн акча алуунун мыйзамдуулугун тактоо үчүн сурам жөнөткөн.

Кубанычбек уулу менен Жумаев Түнгатаровдун кол алдында төрт жылдан бери оозеки келишимдин негизинде жайкысын иштеп келишет. Алар эч кимди коркутпаганын айтышкан. Алардын жанынан чын эле курал-жарак табылып, бирок ал ок атуучу эмес, пневматикалык болуп чыккан. Курал соттук-баллистикалык экспертизага жөнөтүлгөн.

2016-жылы туристтик мезгил башталганда да орусиялык туристтер талап-тоноолорго жана жергиликтүү тургундар менен чыр-чатактарга кабылган учурлар катталган.

Былтыр июль айынын башында Орусиядан келген жубайларды Токмоктун жолунда мурдагы милиционерлер тоноп кетишкен. Кайгуул милициясынын кызматкери болуп тааныштыргандар туристтердин 1000 долларын уурдап кетишкен.

Дагы бир орусиялык туристтин машинасынын арткы терезесин жергиликтүү тургун сындырган. Анда чет элдиктер Чолпон-Атадагы токтотмого ашыкча акча төлөөдөн баш тартышкан болчу.

Маданият министрлигинин алдындагы Туризм департаментинин маалыматы боюнча Кыргызстанга жыл сайын ар кайсы өлкөлөрдөн бир миллиондон ашуун турист келет. Алардын көпчүлүгү Казакстан менен Орусиядан келишет. Казакстандан келген туристтердин саны жалпы туристтердин дээрлик 80 пайызын, ал эми орусиялыктар болсо — 14 пайызын түзөт.


ТЕМА БОЮНЧА: