«Жалал-Абад» санаторийинин кызматкерлери жаңы директорду киргизбей коюшту

Жалал-Абаддын милициясы 12-майда «Жалал-Абад» санаторийинин бир нече кызматкерин кармаган. Кармалгандар санаторийдин жаңы директорун иш бөлмөсүнө киргизбей коюшкан.

Санаторийдин кызматкерлерин жаңы директор Эркебай Маткеримовду иш бөлмөсүнө киргизбей койгону үчүн кармашкан. «Азаттык» кабарлагандай, милиция жалпы беш кишини кармаган. Ал эми Zanoza.kg болсо 40 адамдын кармалганын билдирген.

Ден соолукту чыңдоо борборунун коллективи Маткеримовду 11-майдан бери санаторийдин аймагына киргизбей, ага каршы болуп жатышат. Кесиптик кошуундар федерациясынын (ККФ) белгилешинче, жаңы жетекчиге жалпы коллектив эмес, 20 киши гана каршы болуп жатышат.

«Бул коллектив эмес. Алар болгону 160 адамдан 20сы гана. Бул коллективдин ою эмес», — деди ККФнын «Кыргыз курорт туризм» башкармалыгынын жетекчиси Калыбек Өмүралиев.

Санаторийдин мурдагы директору Максат Абышкаев Kloop.kgге курган маегинде айткандай, ал жердеги абал ККФ тарабынан кетирилген мыйзамсыздык. Анын билдиришинче, Маткеримов санаторийде 2013-жылы иштеп, бирок көптөгөн мыйзам бузуулардан улам кызматтан алынган. Маткеримов 2016-жылы кайтып келүүгө аракет кылган, бирок аны кабыл алышкан эмес.

«3-майдан бери КСДПдан шаардык кеңешке шайлоого даярданып өргүүдөмүн. 4-майда мени жана орун басарымды кызматтан мыйзамсыз кетиришти. Бүгүн [12-майда] санаторийдин кызматкерлерин милиция кармап кетти», — деди Абышкаев.

Жарандык активист Тимур Саралаевдин ою боюнча, кызматкерлердин кармалышы ишкананын «рейдерлик басып алынышы».

«Мыйзам боюнча ал [Максат Абышкаев] өргүү алып, жергиликтүү кеңешке даярданууга укугу бар. Ал өргүүдө жүргөндө ККФнын башчысы Мирбек Асанакунов белгисиз себептер менен Эркебай Маткеримовду курорттун директору кылып дайындаган. Өзүнүн жарлыгы менен өргүүдө жүргөн Абышкаевди кызматтан четтеткен», — деп билдирди Саралаев.

Санаторийдин ээси — Кыргызстандын Кесиптик кошуундар федерациясы — ден соолукту чыңдоо борборунун ишин 26-апрелде текшерип чыккан. Текшерүү учурунда көптөгөн мыйзам бузууларды аныктап чыккан. Текшергендер ишкананын жетекчилиги салык менен айлык төлөөнүн ордуна «Лексус GX 470» жол тандабасын сатып алганын билдирип чыгышкан.

«Ал баарына 12 миллион карыз болуп турган кезде машина сатып албашы керек болчу. Анын ичинен 7 миллиону азык-түлүк жеткиргендерге, калгандарын соцфонд, салык кызматына жана дагы 500 миң сомду айлыкка», — деди Калыбек Өмүралиев.

Жаңы жол тандабас курорттун бюджетине 940 миң сомго турган.

Максат Абышкаевдин айтымында, текшерүү иштери чындыгында жүрүп, бирок ал бейтарап болбой калган, анткени федерациянын жетекчилиги текшерүүгө «өз адамдарын» жиберип койгон.

«Мирбек Асанакунов мага каршы бир нерселерди табыш үчүн өзүнүн тааныштарын жөнөткөн. Мен “Кыргызкурорт” менен соттошом, анткени алардын мени кызматтан айдаган жарлыгын мыйзамсыз деп эсептейм», — деп айтып берди «Жалал-Абад» санаторийинин мурдагы директору.


ТЕМА БОЮНЧА: