Бишкек: Жол кырсыгында эки киши мүрт кетти

Автомобиль Жаш Гвардия көчөсү менен айланма жолдун кесилишинде оодарылып кетип, анын ичиндеги киши менен 12 жаштагы бала ошол жерде жан берген.

Жол кырсыгы 13-май күнү саат 22:40тарда болгон. «Мерседес-Бенцтин» айдоочусу Жаш Гвардия көчөсү менен түштүктөн түндүктү көздөй кетип бараткан. Ал айланма жолдон өтүп СЭЗ жолуна чыкканда машинасы оодарылып кеткен.

Айдоочу менен 12 жаштагы бала, болжолдуу түрдө айдоочунун уулу, ошол жерде көз жумган. Каза болгондордун тек-жайы аныктала элек.

Алдын ала маалыматтар боюнча, айдоочу жогорку ылдамдыкта баратып, автомобилди башкара албай калган.

Чүй облусунун Кайгуул милиция башкармалыгынын кызматкерлери жол кырсыгынын жагдайларын териштирип жатат.

Кайгуул милиция башкармалыгынын маалыматы боюнча, Бишкекте 2017-жылдын алгачкы төрт айында 132 жол кырсыгы катталган.

Мындай үйрөй учурган статистикага коомдук түйүндөрдүн колдонуучулары каршы чыгышкан. «Фэйсбукта» «Жолдордогу өлүмдү токтот!» аттуу мөөнөтсүз акция башталган.

Активисттер петиция демилгелешип, аны менен алар бийликтен баш калаадагы жол коопсуздугун көзөмөлдөөсүн талап кылып жатышат.


ТЕМА БОЮНЧА: