«Eurovision» ыр сынагында Португалия жеңди

Киев шаарында 13-май күнү өткөн «Eurovision 2017» ыр таймашында португалиялык ырчы Сальвадор Собрал жеңүүчү деп аталды. Экинчи орунду Болгария, ал эми үчүнчүнү Молдова алды.

Португалиялык ырчы Сальвадор Собрал өз эне тилинде лирикалык «Amar Pelos Dois (Экөөбүз үчүн сүйүү)» ырын аткарды. Финалда Португалия 758 упайга ээ болуп, кийинки орунда келаткандардан 100 упайдан ашык айырма менен алдыга чыкты.

Сальвадорго композицияны эжеси Луиза атайын жазып берген. Сальвадор тубаса жүрөк кемтиги илдети менен ооруйт. Ал ырында «эки адам үчүн сүйө ала турган» жүрөк тууралуу обон созот.

Оорусунан улам Сальвадор репетицияларга катыша алган эмес. Сынакка катыша баштагандан бери анын башкы колдоочусу эжеси болгон. Ыр сынактан жеңгенден кийин Сальвадор эжеси менен сахнага чыгып, чыгарманы аткарып берген.

Португалиялык ырчы өзүнүн номеринде эң негизги басымды ырды аткарууга жасаган. Анын номери бир аз гана жарык шоусу менен коштолуп, бирок бийчилер чыккан эмес.

Добуш берүүнүн жыйынтыктары чыккандан кийин 27 жаштагы Сальвадор залган кайрылып:

«Биз бир күндүк музыканын, болгондо да эч кандай мааниси жок музыканын дүйнөсүндө жашап жатабыз. [...] Музыка фейерверк эмес, ал сезим», — деген.

Европа ушуну менен экинчи жыл катары менен мыкты хиттерди көз жаздымда калтырып, «кадыресе болбогон» ырга жеңишти ыйгарып жатат. Былтыр Стокгольмдо ырчы Жамала өз элинин баштан өткөргөн оор окуясы — Крым татарларынын депортациясы — тууралуу чыгарма тартуулап, «Eurovision» ыр сынагынын баш байгесин Киевге алып келген.

Ал эми 2-орунду Болгариянын ырчысы, москвалык Кристиан Костов (615 упай) алган.

Мыкты үчилтикти молдовалык Sunstroke Project тобу (374 упай) «Hey Mamma» ыры менен толуктаган.

Ал эми мыкты бештикке Бельгия (363 упай) менен Швеция (344 упай) менен кирген. Букмекерлер сынактын башкы фаворити деп атап аткан Италиянын ырчысы Франческо Габбани (334) 6-орунду алып калган.

«Eurovison» ыр сынагынын эрежесине ылайык, кийинки жылы эл аралык кароо-сынак жеңген өлкө Португалияда өткөрүлөт.

Сүрөт: Gleb Garanich/Reuters


ТЕМА БОЮНЧА: