Шыкмаматовдун иши боюнча биринчи соттук жыйын болбой калды

Биринчи май райондук сотунда оппозициячы Алмамбет Шыкмаматовдун иши боюнча биринчи соттук териштирүү болмок. Бирок сот кийинкиге калтырылды, анткени процесске оппозициячынын адвокаты Чынара Жакупбекова келбей калды.

Жыйын 24-майга калтырылды. Жакупбекова Kloop.kg менен болгон маекте отурумга келе албай калганын, анткени ошол учурда Өмүрбек Текебаевдин иши менен тааныштыруу болуп жаткан УКМКда жүргөнүн айтты.

Шыкмаматовго каршы 17-февралда «Кызматтык бурмалоо» жана «Коррупция» беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.

УКМКнын тергөөчүлөрүнүн версиясы боюнча, Шыкмаматов 2011-жылы Эсептөө палатасына автоунааларды сатып алууга көз салган тендердик комиссиянын курамында болгон.

Ал тендердик комиссиянын төрагасы жана жеке менчик «Барат Люкс» фирмасынын директору менен сүйлөшүп алган. Андан соң тергөөнүн пикири боюнча «Барат Люкс» компаниясы эң аз баа менен утуп чыккан тендер өткөрүлгөнү тууралуу жасалма документтер түзүлгөн.

Тергөөчүлөр ошондой эле Шыкмаматов тендердик өтүнмөгө өз аялынын автоунаасын киргизип, аны 14500 долларга саткан деп эсептешет. Бирок экспертизага ылайык автоунаанын чыныгы баасы 10 миң доллар турган.

Сот Шыкмаматовдон эч кайда кетпестиги тууралуу тил кат алган.

Алмамбет Шыкмаматов — президент Алмазбек Атамбаевди сындап жүргөн оппозициячыл «Ата Мекен» фракциясындагы үч саясатчынын бири.

Кылмыш иштери партиянын башчысы Өмүрбек Текебаевге жана мурдагы башкы прокурор Аида Саляновага каршы да козголгон.

Текебаевге 2010-жылы орусиялык ишкер Леонид Маевскийден «Мегаком» уюк операторун башкарууга жеткилик алып бериш үчүн бир миллион доллар пара алган деген айып тагылган.

Салянова бийликтен кулатылган президент Курманбек Бакиевдин уулу Максимдин кызыкчылыгын коргоп жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узартып берген деп айыпталууда.

Текебаевден, Шыкмаматовдон жана Саляновадан атайын кызматтар «Мегаком» уюк операторунун акцияларын сатууга кызыкчылыгы болгон деп да шек санашууда.

Башкы прокуратура оппозициячыл саясатчыларга бул үчөө Конституцияга киргизүүнү президент сунуш кылган түзөтүүлөргө каршы чыккандан кийин ушинтип кызыга баштаган. Референдум 11-декабрда өтүп, Конституцияга киргизилген түзөтүүлөр кабыл алынган.


ТЕМА БОЮНЧА: