Атамбаев Кыргызстанды интернет-сооданын борборуна айландырууну сунуш кылды

Президент Алмазбек Атамбаев Кытайдын Кыргызстан түйүн-өлкөлөрдүн бири боло турган, Улуу Жибек жолун кайрадан жандандыруу идеясын колдоду. Атамбаев Кытайдын Евразия менен болгон интернет-соодасынын борбору дал Кыргызстан болушу керек экенине ишенет.

Атамбаев Кытайдын төрагасы Си Цзиньпинге Кыргызстанды кытайлык «Алибаба» жана «Таобао»  онлайн-сатык сайттары аркылуу Кытай менен Евразия өлкөлөрүнүн ортосундагы интернет-сооданын борборуна айландырууну сунуш кылды.

«Мисалы “Aлибаба”, “Таобао” сыяктуу интернет-гиганттар өсүп жаткан шартта, Кыргыз Республикасы чоң Евразия өлкөлөрүнүн керектөөчүлөрү үчүн интернет-табыштаманы тездетүүнүн логистикалык борборлорун курганга эң мыкты шарт түзүп бере ала турган өлкө боло алат», — деп ишенет Атамбаев.

Мурда транзиттик соода борбору катары Кыргызстандын «Дордой» базары — Борбор Азиядагы эң ири базарлардын бири кызмат кылган. Көптөгөн товарлар базар аркылуу Кытайдан Орусияга жана башка өлколөргө жөнөтүлчү.

Бирок Кыргызстан Евразия Экономикалык Биримдигине киргенден кийин «Дордой» ал милдетти аткара албай калган. Андан тышкары, Казакстанда «Хоргос» борбору пайда болду, ал аркылуу кытай товарлары башка өлкөлөргө жөнөтүлөт.

Кытайдан Европага кеткен байланыш сызыктары

Атамбаев интернет-соода борборун түзүүдөн тышкары Кытайдан Европага Кыргызстан аркылуу өтө турган оптикалык-була байланыш сызыктарын (ОББС) өткөрүүгө Бээжин менен Бишкек кирише бериши керек деп эсептейт.

«Эгерде ОББС Кыргызстан аркылуу өтсө, анда Гонконг менен Шанхайдан Берн менен Римге, Будапешт менен Брюсселге, Прага менен Мадридге чейин маалыматтарды берүүнүн ылдамдыгы он эселеп арбыйт», — деп билдирди президент.

Мындан тышкары, Атамбаевдин пикиринде, «Бир алкак — бир жол» долбоорун азыр демөөрчүлөрдүн каражаттарына зар болуп турган президенттик «Таза коом» долбоору менен бириктирсе болот.   

«Таза коом» 2040-жылга чейин Кыргызстанды өнүктүрүү стратегиясына кирет жана мамлекеттик органдар менен жеке менчик тармактын ишин жакшыртууга тийиш. Долбоордун демилгесин президент өзү көтөргөн.

Кытай сунуш кылган Улуу Жибек жолун жандандыруу идеясына ылайык соода жолу 65 өлкө аркылуу өтүп, үч континентти — Африканы, Азияны жана Европаны бириктирет. Кыргызстан бул жолдогу хаб-өлкөлөрдүн бири болот.

Орусия менен Беларусь бул долбоорду колдоорун билдиришти, ага Кытай жок эле дегенде 124 миллиард доллар жумшамакчы. Акча жер үстүндөгү, абадагы жана деңиздеги инфратүзүмдү курууга сарпталат.