Текебаевдин иши боюнча материалдар сотко өттү

Өмүрбек Текебаевдин адвокаты Чынара Жакупбекова өз кардарынын иши иликтенип бүтүп, материалдары сотко өткөрүлгөнүн кабарлады.

Жакупбекова Kloop.kg менен болгон маекте анын кардарына иштин материалдары менен таанышууга жетиштүү убакыт берилбей калганын айтты.

«Өмүрбек Текебаев кылмыш ишинин биринчи тому менен гана таанышып үлгүрдү, экинчи томун эми гана изилдей баштады», — деди Жакупбекова.

Анын айтымында, тергөөчүлөр документтерди окууга 17 гана күн берип, алардын ичинен сегизи дем алыштарга туш келген.

«Ишти изилдей элек болсок кантип өтүнүч кат же арыз беребиз?» — деди Жакупбекова.

Жакупбекова менен Текебаев бул боюнча Башкы прокуратурага арыз беришти.

Текебаевге каршы кылмыш иши

Оппозициячыл «Ата Мекен» партиясынын башчысы Өмүрбек Текебаев 26-февралдан бери Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө изоляторунда отурат.

Ал «Манас» аба майданында кармалганга бир күн калганда атайын кызматтар оппозициячыга каршы «Алдамчылык» жана «Коррупция» беренелери боюнча кылмыш ишин козгошкон.

Тергөөнүн версиясы боюнча Текебаев 2010-жылы орусиялык ишкер Леонид Маевскийге «Мегаком» уюк компаниясын башкарууга жеткилик алып берүүгө убада берип, андан пара алган.

Текебаев күнөөнү мойнуна алган жок жана өзүнө каршы козголгон кылмыш иши саясий мүнөздө деп эсептейт.

Коюлган айыптарга макул болбогон Текебаевдин тарапкерлери Бишкекте, Ош жана Жалал-Абад облустарында дала жолу митингге чыгышкан. Депутаттын кызматташтары Текебаевдин камакка алынышын «саясий куугунтук» деп аташкан.

Бирок президент Алмазбек Атамбаев оппозициячынын ишинде эч кандай саясат жок деп эсептейт жана Текебаевдин ишин аягына чыгарууга ниеттенүүдө.


ТЕМА БОЮНЧА: