Жогорку Кеңештин депутаттары КТРКга жогорку мансаптуу аткаминерлердин таасир көрсөтүүсүн чектеген жана телеканалга журналистиканын жогорку стандарттарын карманууну милдеттендирген мыйзам долбоорун сунушташты.

12-майда талкууга алынып чыгарылган мыйзам долбоору учурдагы Коомдук телерадиокорпорациясынын (КТРК) ишинин жоболорун олуттуу түрдө өзгөртүшү мүмкүн. Түзөтүүлөрдү парламенттеги төрт ири партиянын депутаттары, анын ичинде социал-демократтар демилгелеп чыгышкан. Эгерде мыйзам долбоору кабыл алынса эмне өзгөрөт?

КТРКнын ишине кийлигишүүгө тыюу салуу

Документ телеканалдын ишине кийлигишип, кандайдыр бир окуяны кандай чагылдырыш керек экенине буйрук бериши мүмкүн болгон жогорку мансаптуу адамдардын таасиринен мыйзамдуу түрдө коргоого багытталган.

Өзүнчө бир берене менен телеканалды каржылаган мамлекет тарабынан кийлигишүүгө да тыюу салуу каралган.

«Мамлекеттик бюджеттен каржылоо коомдук берүүгө мамлекеттик бийлик органдарынын кийлигишүүсүнө негиз боло албайт», — делет сунушталып жаткан мыйзам жобосунда.

Депутаттар телеканалдын мазмунуна таасир этпеши үчүн КТРКнын көз карандысыздыгын жарнама берүүчүлөрдөн да коргогусу келип жатышат.

Мыйзам долбоорунун демилгечиси КСДПнын депутаты жана мурдагы журналист Аида Касымалиева. Анын айтымында, КТРКнын көз карандысыздыгы качан гана телеканал мамлекет тарабынан каржыланбай калганда толугу менен чечилиши мүмкүн, бирок бул азырынча мүмкүн эмес.

Депутат Аида Касымалиева. Ал КТРКда иштеп жүргөндө «Ой-Ордо» берүүсүн алып барчу.

«КТРКнын тең салмактуу маалымат берүүгө, финансылык жана саясий көз карандуулукка байланыштуу көйгөйлөрү бар. Бул мыйзамдарды декларациялоо бул оюндун бардык катышуучуларына ыңгайлуу болмокчу. Эрежелер жазылып калат», — деди ал.

Журналистиканын принциптери

Мыйзам долбоору телеканалга журналистиканын жогорку стандарттарын карманууга милдеттендирет.

«Корпорация чындыкка туура келген, бейтарап жана тең салмактуу маалыматты өлкөнүн бардык аймагында Кыргызстандын Конституциясына жана мыйзамдарына ылайык таратууга милдеттүү», — делет мыйзам долбоорунун текстинде.

Байкоочу кеңеш редакциялык саясатка кийлигишпейт

Мыйзам долбоору сунуштаган дагы бир жаңылык — КТРКнын байкоочу кеңешине телеканалдын редакциялык саясатына кийлигишүүсүнө тыюу салуу. Бул байкоочу кеңештин мүчөлөрү телеканалдын өнүгүшү боюнча стратегиялык чечимдерди кабыл алышы керек дегендикти билдирет.

«Биз КТРКнын байкоочу кеңешинин ролун кичине түшүнбөй турабыз. Ал стратегиялык чечимдерди кабыл алышы керек. Майда иштер менен алар алектенбеши керек», — деди Касымалиева.

Анын айтымында, байкоочу кеңеш башкы директордон отчёт талап кылып, ошол отчётко ылайык, директорду кызматтан алып, же дайындашы керек.

Башкы директордон жыл сайын отчёт алуу

Мыйзам долбоорунун демилгечилери КТРКнын башкы директорун жыл сайын аткарылган иштер боюнча байкоочу кеңешке отчёт берүүгө милдеттендиргиси келет. Ага өнүгүү стратегиясы, бухгалтердик баланс, каражаттардын жана алынган кирешелердин пайдаланылышы тууралуу отчёт кирмекчи.

КТРКнын азыркы башчысы Илим Карыпбеков.

Касымалиеванын оюнча, жаңы мыйзам долбоору демократиялык коомго керек болгон эрежелерди юридикалык жактан бекитип коюуга жардам берет.

«Бул жаңы үй эмес, биз пайдубалды бузуп жаткан жокпуз. Бул жыйнап түздөө — биз так эмес карама-каршылыктарды алып салып, башкы директор менен байкоочу кеңештин функцияларын тактап жазып жатабыз», — деп оюн жыйынтыктады Касымалиева.

КТРКга карата айыптоолор

Кыргызстандын башкы телеканалы биринчи жолу көбүнчөсү бийликтин көз карашына орун берген бир тараптуу маалымат берүүгө байланыштуу сынга кабылып жаткан учур эмес.

Апрелдин башында КТРКнын байкоочу кеңеши парламентте телеканалдын ишмердүүлүгү тууралуу отчёт берген. Анда айрым депутаттар телеканалга карата сын пикирин айтышкан.

Оппозициялык «Ата Мекен» партиясынын депутаты Аида Салянова билдиргендей, КТРК коомдук телеканал боло алган жок, анткени ал бийликтин каршылаштарына эфирдик убакыт бөлүп берген эмес.

Кээ бир депутаттар телеканал аткаминерлердин мүлкү тууралуу көбүрөөк ачыкка чыгаруучу материалдарды жасашы керек экенин айтышкан.

Бирок КТРКнын башчысы Илим Карыпбеков айтылган сын пикирлерди негизсиз деп атаган. Анын билдиришинче, парламентте телеканалды сынга алганы менен жеке ага бир дагы документтештирилген нааразычылык келип түшкөн эмес.


ТЕМА БОЮНЧА: