КСДПдан президенттик шайлоого премьер-министр Жээнбеков ат салышат

Социал-демократтар президенттикке Кыргызстандын учурдагы премьер-министри Сооронбай Жээнбековду көрсөттү.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков КСДПдан президенттикке талапкер болуп көрсөтүлдү. Анын талапкерлигин президентчил партия 17-майда сунуш кылган.

Жээнбеков шайлоого катышаарын билдирген алтынчы саясатчы болуп калды. Башка талапкерлердин арасында оппозициянын башчысы Өмүрбек Текебаев менен мурдагы премьер-министр, ишкер Өмүрбек Бабанов бар. 

Өз партияларынан президенттик кызматка мурдагы премьер-министр Темир Сариевдин жана «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын жетекчиси Бакыт Төрөбаевдин талапкерлиги көрсөтүлгөн.

Президент болгусу келгени тууралуу Кипрден Кыргызстанга кайткыча эле мурдагы депутат Садыр Жапаров да билдирген. Ал дагы азыр Текебаев сыяктуу эле камакта отурат.

Кыргызстандын президентин шайлоо 19-ноябрда өтөт, бул күн Боршайком менен президент Алмазбек Атамбаев тарабынан белгиленген.

Шайлоо өтө турган күндү белгилөө талашка жем таштаган. КСДПнын башчысы Иса Өмүркулов шайлоону 15-октябрда өткөрүүнү сунуш кылган, анткени жаңы шайланган президент Атамбаевин кызмат мөөнөтү 1-декабрда аяктаганга чейин ант бериши керек болот.

Оппозициялык «Ата Мекен» партиясынын депутаттары болсо президенттик шайлоону ушул жылдын 27-августунда өткөрүүнү талап кылып жатышат.

Сооронбай Жээнбековдун биографиясы

Саясатчы болгонго чейин Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын түштүгүндөгү кыштактагы мектепте мугалим болуп иштеп, зоотехник катары да эмгектенген.

1988-жылдан 96-жылга чейин Жээнбеков Ош облусундагы совхоздордун биринде инструктордон башкарманын төрагасына чейинки ар кайсы кызматтарды ээлеп турган. 1995-жылы ал парламенттин I чакырылышындагы депутаты болуп, чоң саясатка келген. Ал үч жолу парламент депутаты болгон.

1995-жылдан 2007-жылга чейин ал ар кайсы кызматтарды ээлеп, агрардык маселелер боюнча иштеген. 2007-жылдын апрель айында айыл чарба министри болуп, бирок ошол эле жылдын октябрь айында жаңы Конституция кабыл алынганына байланыштуу кызматтан кеткен.

Ош облусунун губернатору болуп дайындалганга чейин — 2010-жылга чейин — ишкердик менен алектенип турган. Ал эми 2012-жылы өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү болуп калган.

2015-жылдын аягында Жээнбеков Бишкекке көчүп келип, Мамлекеттик кадр кызматын башкарган, ал эми март айында Президент аппаратынын жетекчисинин 1-орун басары болуп дайындалган.

2016-жылдын апрель айында ал Кыргызстандын премьер-министри Темир Сариевдин ордуна келген.


ТЕМА БОЮНЧА: