Санариптик телекөрсөтүү кандай иштейт?

Кыргызстан 2017-жылдын 15-майынан тарта дээрлик толугу менен санариптик телекөрсөтүүгө өттү. Санариптик берүү деген эмне, качан кыргызстандыктардын баары ага кошулат жана эмне үчүн аба ырайы начар болуп турганда сыналгыны көрбөй эле койгон оң экенин түшүндүрүп беребиз.

1Санариптик телекөрсөтүү деген эмне?

Бул аналогдук берүүгө салыштырмалуу тышкы тоскоолдуктардан корголгон заманбап телеберүү технологиясы. Телекөрүүчүгө сапаттуураак сүрөт жана үн жеткирилет.

2Биз эмне үчүн санарипке өттүк?

Кыргызстан эл аралык милдеттенмелерди аткарып жатат. Аналогдук берүүлөр кошуна өлкөлөрдөгү санариптик телекөрсөтүүлөргө тоскоолдук жаратпашы үчүн өчүрүлгөн.

Санарипке өтүү каналдардын санын көбөйтүүгө жардам берет, анткени сигнал эфирде азыраак орун ээлейт. Ал эми бошоп калган орунду интернет же болбосо уюк байланыш үчүн колдонгонго болот.

Андан тышкары, санариптик берүү Кыргызстан үчүн маалыматтык коопсуздукту камсыздайт. Өлкө ичинде бир гана уруксат алган кыргыз же чет элдик каналдар көрсөтүлөт.

3Санариптик телекөрсөтүүгө кантип туташса болот?

Көптөгөн заманбап сыналгылардын өзүндө кураштырылган кабыл алгычтары (ресивер) бар. Ошондуктан алар эч кандай кошумча жабдыктарсыз эле санариптик сигналды кабыл ала алышат. Эгерде сыналгыда мындай кабыл алгыч жок болсо, анда дециметрдик антенна менен сигнал кабыл алгычты сатып алыш керек болот.

Кыргызстан DVB-T2 MPEG4 стандартындагы санарип сигналды колдонот. Сыналгылар үчүн дал ушул стандарттагы кабыл алгычтарды сатып алыш керек.

Санариптик сигналды кабыл алгычты сатып алуу бир кыргызстандыкка 1500 сомдон 5 миң сомго чейин турат.

Эгер сиз өз алдыңызча кабыл алгычты орноткуңуз келсе, бул нускаманы окуңуз.

4Санариптик берүүдө канча канал тартат, аларга акча төлөш керек болобу?

Телеканалдардын үч түрү бар: социалдык жана эки коммерциялык.

Социалдык пакетке 13 канал кирет, алар мамлекет тарабынан кепилденген. Алардын баасы бекер болот.

Бул пакетте беш телеканал бар: КТРК, ЭлТР жана анын алдындагы «Илим жана билим», «Мир», «Бешинчи канал» жана «Пирамида». Калган телеканалдар кайсы аймактарда көрсөтөөрүн өз алдынча чечишет. Учурда көпчүлүк каналдар Бишкекте көрсөтүлөт. Алардын саны 54. Ал эми Ошто 20дан ашык канал тартат.

Социалдык пакет өлкөнүн 95% аймагында жеткиликтүү.

Коммерциялык типтеги пакетке деле акча төлөнбөйт. Бул жерде телекомпаниялар өздөрү телеберүүлөрүн көрсөтүү үчүн акча төлөшөт.

Акыркы типтеги пакетке кабелдик жана спутниктик телекөрсөтүүлөр кирет. Аларга ай сайын белгиленген бааны төлөп туруш керек болот.

5Санариптик берүүнүн артыкчылык жана кемчиликтери кайсылар?

Башкы артыкчылыктарына сапаттуу сүрөт жана үн, тоскоолдуктардан коргоо, берүүлөрдү жазып алуу, тил тандоо жана субтитрлердин бар экенинде. Адамдар, ошондой эле, айрым бир каналдарга, мисалы, балдар көрбөшү үчүн, бөгөт коюп коё алышат.

Бирок санарип берүүнүн кемчиликтери да бар. Эгерде аналогдук берүүдө сигнал начарлап кеткен учурда сүрөттүн сапаты да начар көрсөтсө, санарипте мындай учурда сүрөт такыр көрсөтпөй калат.

Берүүнүн мындай болушуна атмосфералык жана аба ырайынын кубулуштары таасир этет. Мисалы, чагылган болгондо сигнал толугу менен жоголуп кетиши мүмкүн.

Ага кошумча санариптик берүү үчүн, аналогдук көрсөтүүгө караганда, көбүрөөк маалымат өткөрүп берүүчү борборлор талап кылынат.

6Качан Кыргызстан толугу менен санариптик телекөрсөтүүгө өтөт?

Өкмөт ушул күнгө чейин өлкө боюнча жалпы 54 өткөргүчтү орнотуп бүткөн, алар калктын 95% санариптик берүү менен камсыздап жатышат.

Калктын калган 5% (300 миңден ашуун капчыгай жана ойдуңдарда жашаган кыргызстандыктар) жабдыктар орнотулуп бүткөндөн кийин санарипке туташмакчы.

Санариптик телекөрсөтүүгө туташуу картасы. Сүрөт: sanarip.kg.

Учурда санарип 326 калктуу конушту камтыган эмес.

Аларды туташтыруу үч баскыч менен жүрмөкчү. Майдын аягына чейин 34 айыл туташмакчы. Экинчи баскыч 94 айылды камтып, июлдун аягында бүтөт. Жыйынтыктоочу баскыч августта башталып, ал убакка чейин 76 айыл санарип берүүгө жеткилик алып калат.

Калган 99 калктуу конуштардын ар бириндеги ар бир үйгө спутник табагын орнотушмакчы.

Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалыматы боюнча, Кыргызстандын санариптик берүүгө толугу менен өтүшү 2017-жылдын сентябрь айынын аягына чейин бүтүшү керек.

Санарип берүүгө өтүү боюнча бардык маалыматты 8:00дөн 21:00гө чейин 1212 номуру аркылуу алууга болот. Чалуулар акысыз.

Авторлошу: Иван Янушкевич