«Мекеним Кыргызстан» партиясынын штабын белгисиз бирөөлөр өрттөп кетишти

Жалал-Абадда 16-майга караган түнү белгисиз бирөөлөр «Мекеним Кыргызстан» партиясынын штабын өрттөп кетишти. Өрттү жолдон өтүп бараткандар өчүрүшкөн, эч ким жабыркаган эмес.

Жалал-Абаддагы «Мекеним Кыргызстан» партиясынын штабын белгисиз адамдар өттөп салышкан. Милиция окуя болгон жерден бензин куюлган бөтөлкө таап алган.

Жалал-Абаддын ички иштер башкармалыгынан кабарлашкандай, өрттөн эч ким жабыркаган эмес. Өрттөн көрнөк, эшик жана терезелер күйүп кеткен. Өрттү ошол жерден өтүп бараткандар өчүрүшкөн.

Партиянын штабындагылар өрттүн келип чыгышы боюнча эч нерсе билбесин айтышты.

«Биз азырынча эч нерсе билбейбиз, божомолубуз да жок. Тергөө жүрүп жатат», — деди партиядагылар.

Учурда жергиликтүү милиция өрт боюнча кененирээк иликтеп жатышат. Келтирилген материалдык чыгым такталып жатат.

Шаардык кеңештин таратылышы

«Мекеним Кыргызстан» партиясы шаардык кеңешке мөөнөтүнөн мурда өтүп жаткан 28-майдагы шайлоого катышат. Аны менен катар шайлоого КСДП, «Өнүгүү-Прогресс», «Ата-Журт», «Республика», «Бүтүн Кыргызстан» жана «Кыргызстан» партиялары ат салышып жатышат.

Шаардык кеңешке шайлоо депутаттардын мурдагы курамы өзүн-өзү таратып жибергенден кийин кайра дайындалган. Мурдагы шайлоо 2016-жылдын 11-декабрында өткөн болчу.

Шаардык кеңешке шайлоо өткөндөн кийин коалициялык көпчүлүктү түзүү боюнча көптөгөн талаш-тартыштар чыккан. Биринчи коалициялык көпчүлүк президенттик КСДПсыз түзүлүп калып, бул социал-демократтарга жакпай калган. Алар көпчүлүккө кирген партияны өздөрүнө тартышып, коалициялык көпчүлүктү таратып салышкан.

КСДП менен жаңы коалиция түзүлгөндөн кийин шаардык кеңештеги отурумдарга эки оппозициялык партия келбей койгон. Шаардык кеңеш төрага шайлай албай, шаардын бюджетин да бекитпей калышкан.

Натыйжада шайлоодон кийин төрт ай өткөн соң депутаттар шаардык кеңешти таратып салышкан.


ТЕМА БОЮНЧА: