Казакстан Кыргызстанга 100 миллион доллар бөлдү

Кыргызстандын Евразия Экономикалык Биримдигине аралашуусуна жардам иретинде 100 миллион доллар бөлүндү. Берилген жардам өлкөнүн бажы өткөрмө пункттарын, санитардык жана ветеринардык системаларын жакшыртууга жумшалат.

Жардам бара-бара, өкмөт аралык протоколдорго ылайык, акча, окутуу же товар түрүндө берилет.

Казакстандын экономика министри Тимур Сулеймановдун айтымында, биринчи транш Кыргызстанга 41 миллион доллар менен келет. Алынган транш төмөнкүдөй бөлүнөт:

  • Бажы өткөрмө пункттарын жайланыштыруу — 3 миллион доллар;
  • Лабораторияларды жаңылоо — 5,6 миллион доллар;
  • Транспорт жаатындагы лабораториялар — 577 миң доллар;
  • Өрткө каршы лабораториялар — 749 миң доллар;
  • Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы сыноочу лабораториялар — 1,8 миллион доллар;
  • Санитардык-карантин пункттары — 5 миллион доллар;
  • Ветеринардык жана фитосанитардык өткөрмө пункттары — 22 миллион доллар.

Кыргызстан каражаттарды максатка ылайык пайдаланып, чыгаша тууралуу маалымат берүүгө милдеттүү.


ТЕМА БОЮНЧА: