Бишкек мэриясы ишкерлер менен түшөөр өтмөктөрдү оңдоону макулдашты

Бишкектин мэриясы түшөөр өтмөктөрдөгү ишкерлер соодасын токтотуп, оңдоо бүткөндөн кийин ишке киришүүгө макул болушканын кабарлады. Бийлик майыптар үчүн пандустарды жана көтөргүчтөрдү орнотуш үчүн түшмөлөрдөгү сооданы азайтат.

Муниципалдык мүлктү башкаруу бөлүмүнүн башчысы Султан Өмүров соодагерлер түшөөр өтмөктөрдүн оңдолушуна түшүнүү менен мамиле кылышканын, андыктан өз соода жайларын бошотуп беришкенин айтты. Анын айтымында, жалдануучу Филармониянын жанындагы түшөөр өтмөктү оңдоого киришти.

«Жолугушуулардын жана талкуулардын жүрүшүндө соодагерлер өз ишин токтотуп, кайра куруу аяктап, келишимдер түзүлгөндөн кийин гана ишке киришкен туура болот деген жыйынтыкка келишти», — деди ал.

Өмүров ижара акысын жана түшмөлөрдү кармап туруунун шартын муниципалитет кайра куруу аяктаган соң соодагерлер менен макулдашаарын билдирди.

«Бишкекбашкыархитектуранын» башчысы Асхат Түлөбердиев соода аянты азая турганын айтты.

«Коляскачан майыптар үчүн пандустарды, көтөргүчтөрдү камсыз кылыш үчүн соода аянты азаят», — деди ал.

Түлөбердиев түшөөр өтмөктөрдө көзү начар көргөндөр жана азиздер үчүн сыйпалама чыйырлар төшөлөөрүн да белгиледи.

Капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Койчугул Ибраимов 12 компаниянын ичинен Филармониянын жанындагы түшөөр өтмөктү оңдоо боюнча конкурсту «ГлавТехИнвест» фирмасы утуп алганын айтты. Ал түшөөр өтмөктү 27 миллион сомго оңдоп берүүнү сунуш кылган.

«Бир нече изилдөө жүргүзүлдү. Сейсмологдордун сунушу боюнча бул объектилерди утурумдук эмес, башынан оңдош керек. Адамдардын өмүрүнө чындап коркунуч бар», — деди Ибраимов.

Азыр «Айчүрөк» дүкөнүнүн жанындагы түшөөр өтмөктү оңдотуш үчүн жалдануучу аныкталып жатат.

Түшөөр өтмөктөрдү кайра куруу сентябрдын аягына карай бүтүүгө тийиш. Мэрия бул үчүн мамбюджеттен 70 миллион сом бөлүп берди.

Апрелдин башында Бишкектеги түшөөр өтмөктөрдүн 100дөн ашуун ишкери Президенттик Администрациянын алдына митингге чыгып, түшмөлөр оңдолуп бүткөндөн кийин бийлик аларды соода орундарынан ажыратпашын талап кылышкан.


ТЕМА БОЮНЧА: