Сот Жакупова менен «Занозанын» түзүүчүлөрүнүн өлкөдөн чыгышына тыюуну күчүндө калтырды

Бишкек шаардык соту мурдагы депутат жана укук коргоочу Чолпон Жакупованын жана «Заноза» басылмасынын тең түзүүчүлөрү Дина Маслова менен Нарынбек Идиновдун (Нарын Айыптын) өлкөдөн тышка чыгышына тыюу салган чечимди күчүндө калтырды. Үчөө тең президенттин ар-намысын коргоо боюнча Башкы прокуратуранын доо арызы боюнча жоопкер катары өтүп жатышат.

Башкы прокуратуранын өкүлү Руслан Абдырахман өлкөдөн чыгууга тыюу салган чечим күчүндө калышы керек экенин, себеби жоопкерлер чет өлкөгө кетип калышса процесс создугуп кетээрин билдирди.

Юристтердин процесс кантип создугат деген суроосуна Руслан Абдырахман жооп бере алган жок.

«Залда толтура журналисттер бар болчу. Башкы прокуратуранын өкүлүнүн жооптору залдагылардын күлкүсүн келтирди, сот аны дапдаана көрүп турду», — деди Kloop.kg менен болгон маекте Чолпон Жакупова.

«Алар чечимди гана угузуп тим болушту, аны эч нерсе менен негиздешкен деле жок, мотивациялык бөлүгү деле окулган жок. Андыктан алар кайсы негизде андай кылышканын мен билбейм», — деди укук коргоочу.

Укук коргоочу мындай негизсиз чечимдердин кабыл алынышы соттордун өз алдынчалык маселесинен кабар берет деп эсептейт.

«Бүгүн отурум кандай өткөнүн көрүп туруп мен эч нерсенин мааниси жок экенин түшүнүп жатам. Бул жүйөлөрдүн негизсиздигинин маселеси, бул соттордун өз алдынчалык маселеси», — деди ал.

Мурдагы депутат процесске башкы прокурор Индира Жолдубаева жана ар-намысына зыян келди деп эсептелген президент Алмазбек Атамбаев катышпаганына ачуусу келди.

«Сиз мага — жоопкерге — процесске катышуу милдетин тагып жатасыз, мына мен процессте отурам. Доочу тарап кайда, башкы прокурор кайда, президент кайда? Эмне үчүн алар сотту тоготпой кое алат, мен болсо анте албайм? Жарандык процессуалдык кодекске ылайык биздин укуктарыбыз теңделген. Же Конституция менен мыйзамдар декларативдик эле мүнөздөбү?» — деди ал.

Укук коргоочу жана башка жоопкерлер бул чечимге каршы Жогорку сотко даттанышат.

ЖМКга каршы доо арыздар

Башкы прокурор Индира Жолдубаева президент Алмазбек Атамбаевдин ар-намысын коргоо боюнча «Занозага» каршы беш доо арыз берген.

Айыптоочу басылмадан жалпысынан 15 миллион сом өндүрүп берүүнү талап кылууда. Мындан тышкары, сот басылманын эсебин камакка алды.

«Занозага» каршы доо арыздар боюнча жоопкер катары басылманын тең түзүүчүлөрү Нарынбек Идинов менен Дина Маслова, ошондой эле укук коргоочу жана мурдагы депутат Чолпон Жакупова өтүп жатышат.

Башкы прокуратура Жакупова менен Масловадан үч миллион сомдон, Идиновдон — алты миллион сом өндүрүп берүүнү талап кылууда. Сот алардан эч кайда кетпестиги тууралуу тил кат алып, алардын мүлкүн камакка алды.

Андан тышкары, Башкы прокуратура «Азаттык» үналгысына каршы эки доо арыз берип, президенттин моралдык зыяны үчүн деп 20 миллион сом өндүрүп берүүнү талап кылган.

Бирок 12-майда Атамбаев Башкы прокуратурага «Азаттыкка» каршы доо арызды кайра чакыртып алууну сунуш кылды. Президент муну маалымат каражаты «тең салмактуу жана ойлонулган материалдарды» чыгара баштаганы менен түшүндүрдү. Башкы прокуратура азырынча доо арызды кайра чакыртып ала элек.

Сүрөт: Элиме/Bishkekchanka/Заноза.


ТЕМА БОЮНЧА: