Ысык-Көл: Мотоциклде баласы менен бараткан ветеринарды «Жигули» сүзүп өлтүрдү

Ысык-Көл облусунун Түп районунда «Жигулинин» айдоочусу 13 жаштагы баласы менен мотоцикл минип бараткан ветеринарды койдуруп кетти. Ветеринар ооруканада жан берди, уулунун абалы оор. Окуя болгон жерден качып кеткен «Жигулинин» айдоочусу колго түштү.

Жол кырсыгы 16-майда болжол менен 16:00дө Күрмөнтү айылында болгон. Сары-Булак айылында жашаган дарыгер-ветеринар 13 жаштагы уулу экөө жаңы кызматтык мотоциклди минип бараткан. Алардын маңдайынан «Жигули» автоунаасы чыккан.

Күтүүсүздөн «Жигули» каршылаш тилкеге чыга калып, мотоцикл менен бет маңдай сүзүшкөн. Бала четке ыргып кетип, мотоцикл машиненин дөңгөлөгүнүн алдында калган.

Көргөн кишинин айтымында, автоунаа мотоциклди дагы 50 метрче сүйрөп барган. Андан соң айдоочу автоунаасын айдаган бойдон окуя болгон жерден качып кеткен.

Ветеринар уулу экөө оор абалда райондук ооруканага жеткирилген. Атасы кийинчерээк облустук ооруканага жөнөтүлүп, жолдон жан берген. Баласы оор абалда ооруканада жатат.

Түп районунун милициясы ошол эле күнү кечинде «Жигулинин» шектүү айдоочусун колго түшүрдү. Ал убактылуу камак изоляторуна камалды. Баштапкы маалыматтар боюнча, жол кырсыгы болгон учурда ал мас болгон экен

Кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат.

Кызматтык мотоциклди ветеринарга бийлик берген. Ошондой эле мотоциклдерди Ош облусунун ветеринарлары да алган.


ТЕМА БОЮНЧА: