Баткен: Жети окуучу кыз күкүрт түтөткүсүнөн ууланды

Баткен облусунун Бужум айылында күкүрт түтөткүсүнүн исинен жети окуучу кыз ууланды. Алар ооруканага жаткырылды, дарыгерлер алардын абалын канааттандырарлык деп баалап жатышат.

Окуя 18-майда күндүз болгон. Окуучулардын бири көчөдөн күкүрт түтөткүсүн таап келип, танаписте класстан тутандыра койгон. Андан соң  жытынын ачуусуна чыдабай качып кеткен.

Мындай түтөткүлөр жертөлөдөгү зыянкечтерди жок кылыш үчүн колдонулат.

Ал учурда класста болгон окуучу кыздар ошол эле күнү кечинде жөтөлүп, демиге башташкан.

Алар Баткен облустук ооруканасына жаткырылып, төртөө балдар бөлүмүнө жөнөтүлүп, калган үчөө реанимацияга киргизилген. Жабыркаган кыздардын баары муунуп, башы ооруп, деми кыстыгып жатканын айтышкан.

19-майда үч окуучу кыз реанимациядан балдар бөлүмүнө которулду.

Жакында балдар үйүнөн дарылоого чыгарылмакчы. Азырынча дарыгерлер алардын абалын канааттандырарлык деп баалап жатышат.


ТЕМА БОЮНЧА: