Бийликти басып алуу аракети үчүн соттолгондор өкүмгө каршы даттанышты

Бийликти күч менен басып алуу аракети үчүн соттолгон Бектур Асановдун, Дастан Сарыгуловдун, Кубанычбек Кадыровдун жана Эрнест Карыбековдун адвокаттары өкүмгө каршы Бишкек шаардык сотуна даттанышты. Апрелдин ортосунда алар 4 жылдан 20 жылга чейинки мөөнөттөргө түрмөгө кесилген.

Саясий туткундарды коргоо комитетинин мүчөсү Зульфия Марат адвокаттар өкүмгө каршы даттана алышканын жана иштин материалдары кайрадан сотто каралаарын кабарлады.

Буга чейин 2017-жылдын 17-апрелинде Биринчи май райондук соту төрт оппозициячыны бийликти басып алуу аракети үчүн ар кандай мөөнөткө эркинен ажыратууга өкүм чыгарган.

  • Дастан Сарыгулов — 4 жылга, анын 3 жылы шарттуу кесилген;
  • Бектур Асанов — күчөтүлгөн тартиптеги колонияда 12 жылга кесилген;
  • Кубанычбек Кадыров — үй мүлкүн конфискациялоо менен 12 жылга кесилген;
  • Эрнест Карыбеков — күчөтүлгөн тартиптеги колонияда 20 жылга кесилген.
Дастан Сарыгулов. Сүрөт: Шайырбек Эркин уулу

Өкүм чыккандан кийин Сарыгулов журналисттерге күнөөсүн мойнуна албай турганын айткан.

«Менин эч кандай күнөөм жок. Айыптоочу тарапта менин күнөөмө далил жок жана болгон эмес», — деген Сарыгулов.

Өкүм чыккан күнү камалган оппозициячыларды колдоп Жалал-Абад облусунун Сузак районунда алардын 100гө жакын тарапкери жөө жүрүшкө чыккан.

Оппозициячылардын камалышы

2016-жылдын мартында атайын кызматтар оппозициячылардын телефондон сүйлөшкөн сөзүнүн жазмасын жарыкка чыгарышкан.

Аудио жазмаларда парламенттин IV чакырылышынын мурдагы депутаты Кубанычбек Кадыров, 2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн ички иштер министринин мурдагы жардамчысы Дуулатбек Турдуналиев жана Жалал-Абад облусунун мурдагы губернатору Бектур Асанов жапырт баш-аламандык уюштурууну талкуулап жатышкан деп айтылат.

УКМК тогуз оппозициячыга каршы «Бийликти күч менен басып алуу же бийликти күч менен кармап туруу» беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон.

Оппозициячылардын туугандары жана тарапкерлери бир нече жолу митингге чыгып, камалгандарды бошотууну талап кылышкан.


ТЕМА БОЮНЧА: