Бишкекте жолдогу чуңкур дөңгөлөктөр менен «жамалды»

Бишкектин тургуну Мария Орлова автошиналар менен жабылган жол чуңкурунун сүрөтүн чыгарды. Бишкек мэриясындагылар чуңкур жаан башталып кеткендиктен оңдолбой калганын билдиришти.

Бишкектин тургуну Мария Орлова «Фэйсбукта» канализациялык люктун жанында автошиналар менен жабылган чуңкурдун сүрөтүн жарыкка чыгарды.

«Бизде жолдор ушинтип оңдолот. 5-кичирайон. Оңдоп жатканда люктарды унутуп калышкан. Анан эстеп алып кайра казышкан. Андан кийин ушинтип баллондор менен жаап таштап кетишкен», — деп кабарлады ал.

Бишкектин дагы бир тургуну Виктория Смирнова ал жакта бул чуңкур беш-алты айдан бери бар экенин жазды.

Бирок мэриянын басма сөз борборунун кызматкери Светлана Пушкарская Kloop.kg менен болгон маекте бул чуңкур жамгырдын айынан өз убагында оңдолбой калганын айтты.

Анын айтуусунда, буга чейин «Бишкекасфальтсервистин» жумушчулары каализациялык люктарды оңдоо иштерин жүргүзүп жатышкан.

«Жакын арада жолдун ошол тилкеси асфальтталат. Азыр оңдоо иштери аяктап калды, ал жер асфальтталган эмес, анткени жаан жаап жаткан», — деди Пушкарская.


ТЕМА БОЮНЧА: