Кыргызстанда туулган жигит Петербургдагы террордук чабуул боюнча күнөөсүн жарым-жартылай моюнга алды

Тергөө комитети Кыргызстанда туулган Мухамадюсуп Эрматовго 18-майда айып койду. Эрматов Санкт-Петербург метросундагы террордук чабуулга тиешеси бар экендигин жарым-жартылай моюнга алды.

Эрматов Орусиянын Кылмыш кодексинин «Террордук чабуул коюу» жана «Жарылуучу заттарды же жардыруучу түзмөктөрдү мыйзамсыз соода-сатык кылуу» беренелери менен айыпталууда.

Тергөөнүн версиясы боюнча, Эрматов айыптоочу тарап жанкечти деп эсептеген Акбаржон Жалилов менен байланышта болгон. Жалилов да Кыргызстанда туулган.

Мурда укук коргоо органдары Кыргызстанда туулган бир туугандар Аброр жана Акрам Азимовдорду кармаган. Алар террордук чабуулду уюштурган жана каржылаган катары айыпталып жатышат.

Орусиялык ЖМКлар Аброр Азимов террордук чабуул койгонун моюнга алганын жазышкан, бирок ал өзү аны жокко чыгарууда. Ал террордук чабуулга катышып жатканын билбегенин айткан жана өзүнүн террордук чабуулдун уюштуруучусу экенин моюнга алуудан баш тартып жатат.

Бир тууган Азимовдор бир нече айга камакка алынып, Орусиянын жарандыгынан ажыратылды.

Метродогу террордук чабуул тууралуу иш боюнча дагы 9 киши өтүп жатат, баарына айып тагылган.

Тергөө комитети Петербург метросундагы террордук чабуулду иликтөөнү улантууда.

Апрелдин башында метрополитендин вагондорунун биринде, «Сенная площадь» жана «Технологический институт» станцияларынын ортосунда бомба жарылган. Натыйжада 16 киши жан берип, 50дөн ашуун адам жабыркаган.

Жардыруу уюштурууну табыштаган болжолдуу киши катары Кыргызстанда туулган Абу Салах-аль Узбекинин атын атап жатышат, ал Сирияда террордук топту жетектейт.


ТЕМА БОЮНЧА: