Садыр Жапаровдун материалдары Башкы прокуратурага жиберилди

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет мурдагы депутат Садыр Жапаровго карата ишти иликтеп бүттү. Иштин материалдары айыптоочу корутундуну бекитиш үчүн Башкы прокуратурага өткөрүлдү.

Жапаров «Кылмышка катышуу», «Барымтага алуу», «Бийлик өкүлүнө күч колдонуу», «Ээн баштык», «Киши өлтүрөм деп коркутуу» беренелери боюнча айыпталууда.

Тергөөнүн версиясы боюнча, Жапаров 2013-жылы Кумтөрдөгү митингди каржылаган.

Тергөөчүлөр ошондой эле мурдагы депутат митингдегилерге Ысык-Көл облусунун губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алууга буйрук берген деп эсептешет.

Эмилбек Каптагаев

Мурдагы депутат УКМКда сурак бериш үчүн Кыргызстанга Казакстандан 2017-жылдын 25-мартында кайтып келген. Ал кыргыз-казак чек арасында кармалып, тергөө аяктагыча ТИЗО-1ге камалган.

Камакка жооп катары Жапаровдун жүздөгөн тарапкерлери саясатчыны кое берүүнү талап кылып УКМКнын имаратынын алдына митингге чыгышкан.

Митингдин анын катышуучулары менен милициянын ортосундагы кагылышуу менен аяктаган. Укук сакчылары 100дөн ашуун кишини кармап кетип, алар кийин административдик жазага тартылышкан.

Камалгандан бир топ убакыт өткөндөн кийин Жапар жемиш кесе турган бычак менен өзүнүн мойну жана колун кесип жиберген. Абалы турукташкандан кийин Жапаров өзүн кантип кескени эсинде жок экенин, анткени ошол учурда дендароо абалда болгонун айткан.


ТЕМА БОЮНЧА: