Видео: Бишкекте жөө кыяда бараткан жаш кызды автоунаа сүзүп кетти

Бишкекте Жибек Жолу проспекти менен Жаш Гвардия бульварынын кесилишинде автоунаа жөө кыяда кетип бараткан жаш кызды сүзүп кетти. Жабыркаган кыз башынан жаракат алып ооруканага жеткирилди.

Активист Айбек Баратов «Фейсбуктагы» барагында жөө кыяда бараткан кызды автоунаа сүзүп кеткени тууралуу видеону жарыкка чыгарды.

Кадрларда биринчи автоунаа «ала белгинин» алдына токтогону, бирок ошол учурда кызыл бус чоң ылдамдыкта аны арттан келип күү менен сүзгөнү көрүнүп турат. Анын түрткүсү менен биринчи автоунаа кызды сүзүп алган.

Бишкектин кайгуул милициясы кызыл бустун айдоочусу кармалганын кабарлады. Анын автоунаасы штрафтык токтотмого жиберилди.

Жол кырсыгына кабылган кыз башынан жаракат алып ооруканага жеткирилди.


ТЕМА БОЮНЧА: