Видео: Ошто нөшөрлөгөн жаандан улам көчөнү суу каптады

Ошто нөшөрлөгөн жаандан улам имараттарды жана үйлөрдү суу каптады. Куткаруучулар каптап кирген суунун кесепеттерин жоюшту, жабыркагандар болгон жок.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 18-майда көнөктөгөн жамгырдын айынан шаарда борбордук дүкөндүн, мектептин имаратын жана үйлөрдү суу каптаганын кабарлады. Көргөн кишилердин айтымында жергиликтүү тургундар үйдөн чыгуудан коркуп жакынкы имараттарда жашынып жатышты.

«ӨКМ кызматкерлери сууну чакалап төгүп жатышты. Шаардын көчөлөрүндө кадимкидей шаркырап суу акты», — деди окуяга күбө болгон киши. 50гө жакын мектеп окуучусун куткаруучулар көтөрүп алып жолдон өткөрүп жүрүштү.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, шаардын ортосундагы Курманжан Датка жана Навои көчөлөрүн суу каптаган. Жашоочулар шаардын арык системаларына таштанды толуп, алар иштебей жатканын айтышты.

«Арык системаларына таштанды толуп, топурак тыгылып калган. Ошонун айынан арыктар таптакыр иштебей, жаан жааса эле көчөлөр менен тротуарларды суу каптап жатат», — дешти жергиликтүү тургундар.

Бирок Ош мэриясынын өкүлү арыктар таштандыга толгон эмес деп эсептейт.

«Болгону арыктар ошол учурда ошол жерде анча сууну батыра албай койгон», — дешти мэриядагылар.


ТЕМА БОЮНЧА: