Телефон уурдаган кишининин айыбын беш жашар кызы ачты

Милиция шектүү кишинин үйүнө келгенде, ал телефон уурдаганын танып турган. Атасына уурдалган телефонду алып келип берген кызы анын айыбын ачып койгон.

Бир эркек киши Батыш автобекетинде телефонун уурдатып, милицияга арыз менен 18-майда кайрылган.

Анын айтымында, ошол күнү үйүнө Руслан аттуу тууганы келип кеткен. Коногу келип кеткенден кийин үйдүн ээси Samsung Galaxy үлгүсүндөгү смартфонун таба албай калган.

Кайгуул милициясындагылар шектүү кишиге барышканда, ал эч нерсе албаганын айткан. Ошол учурда үйдөн беш жашар кызы колунда телефону менен чыга калып, атасы телефон алып келгенин айткан.

Шектүү киши кармалып, Бишкек ШИИБинин убактылуу кармоочу изоляторуна киргизилген.

Бул иш боюнча «Уурулук» беренеси менен кылмыш иши козголгон.


ТЕМА БОЮНЧА: