Видео: Бишкектин четиндеги башаламан таштанды жайы

Бишкектин түндүгүндөгү Озерное айылынын жанындагы таштанды полигону бир километрдей аянтта чубалжыйт. Ал Ала-Арча суу сактагычына көп деле алыс эмес жерде жайгашкан.

Журналист Юлия Барабина 19-майда өзүнүн фэйсбук барагында видео чыгарды. Анда Озерное айылынын жанында курулуш материалдарынын калган-каткандарынан турган башаламан таштанды жери пайда болгонун көрүүгө болот. Полигон суу сактагычтардын жана айыл чарбага ылайыкташкан жердин айланасында жайгашкан.

Журналист видеону 2017-жылдын апрелинде тарткан. Айылга ал кокустан эле барып калып, жип-фест өтүп жаткан учурда бир километрге созулган таштанды полигонун байкап калган.

Posted by Yulia Barabina on Thursday, May 18, 2017

«Бул жолдо жүк унаасын көрдүк, ал жайбаракат келип, бок-сактын баарын төгүп кетип калды. Эмне үчүн бул жерде курулуштун калдыктарын ташташат? Бийлик бул жерде талаа жана суу сактагычтардын жанына таштанды төгүлүп атканын көрбөйбү?» — деп жазган ал.

Таштанды полигону жер астындагы сууну, көлдү жана түшүм берген жерди ууландырышы мүмкүн. Эгерде жерге оор металлдар аралашып кете турган болсо, ал жерге мал жайганга жана өсүмдүк эккенге болбой калат. Андан тышкары, мындай таштанды жайларында өрт көп катталып, бул болсо абаны булгашы мүмкүн.

«Тазалык» муниципалдык ишканасы менен Мамэкотехинспекциядагылар комментарий алуу үчүн жеткиликсиз бойдон калышты.

Озерное — Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу айыл. Ал Бишкектен түндүктү көздөй жети километр аралыкта жайгашкан. Айылдын жанында көптөгөн көлмөлөр, суу сактагычтар бар.


ТЕМА БОЮНЧА: