«Энекем» — Атамбаевдин энеге арналган жаңы ыры

Мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев энелерге арналган «Энекем» аттуу ырын жарыкка чыгарды. Бул президенттин алтынчы ыры.

«YouTube» видеохостингинде 20-майда Атамбаевдин «Энекем» аттуу ырына тартылган клип чыгарылды. Кыргыз тилиндеги клипти бир сутка ичинде миңдеген киши көрдү.

Видеочыгырыкта Атамбаевдин кичи мекени болгон Чүй облусунун Арашан айылындагы кадрлар көрсөтүлгөн.

«Энекем» деген ырды мамлекет башчысы өз энесине арнаган — 21-майда Кыргызстан Энелер күнүн белгилейт.

Буга чейин президент 2 миңге жакын көп балалуу энени «Баатыр эне» ордендери жана «Эне даңкы» медалдары менен сыйлаган. Салтанатта Атамбаев энеси анын тагдырына өзгөчө таасир тийгизгенин моюнга алган.

Өткөн жылы мамлекет башчысы «Судьбе назло», «Я не смогу без тебя жить», «Мне страшно умирать», «Нелепые слова» жана «Кыргызстаным» аттуу беш композицияны жарыкка чыгарган.

Анын алгачкы «Судьбе назло» аттуу ыры интернетте июлдун башында пайда болуп, Кырнетте популярдуу болуп чыккан. Атамбаев ырдын тексти менен обонун өзү чыгарып, өзү ырдап, гитараны өзү чертип ырдаган.

«[…] Ал менин жашоомдо ураан сыяктуу болчу. Бул ыр тагдырымдагы ар кандай татаал учурлардан басып өткөнгө жардам берген», — деген Атамбаев.

Алгачкы күндөрдө эле бул клип клип 50 миңден ашуун ирет көрүлүп, аны жергиликтүү эстрада жылдыздары туурап ырдап чыгышкан.

Атамбаев президенттик мөөнөтү бүткөндөн кийин чыгармачылык жана ишкерлик менен алектенгиси келгенин далай жолу айткан, бирок 2017-жылдын февралында Владимир Путин келип кеткенден кийин Кыргызстандын президенти кантсе да саясатта калаарын билдирген.


ТЕМА БОЮНЧА: