Кыргызстандык ММА мушкери америкалык спортчуну жеңип алды

Кыргызстандык мушкер Зулкарнай Камчыбеков CFFC (Cage Fury Fighting Championships) турниринде америкалык спортчу Фрэнк Уоллос менен болгон мушташта жеңишке жетишти.

Аралаш эр өнөрү CFFC 65 боюнча турнир өткөн түнү Филадельфияда (АКШ) болуп өттү.

Рейтингдик мушташта кыргызстандык спортчу АКШнын өкүлү Фрэнк Уоллос менен беттешти. Өтө оор айлампалардын жыйынтыгында калыстар бир добуштан жеңишти Зулкарнай Камчыбековго ыйгарышты.

CFFC 65 турниринин алкагында чемпиондук наам үчүн орто салмакта, жеңил салмакта жана жарым-жартылай оор салмакта дагы үч мушташ болду.

Cage Fury Fighting Championships турниринин алкагында кыргызстандык мушкер алгачкы эрөөлүн былтыр декабрда өткөргөн. Ал беттешүүдөн да Камчыбеков жеңүүчү болуп чыккан.

Hard work pays off!Keep your dreams alive!Give the round of applauses to our humble Coach John Marquez. Coach, without you he wouldn't make it!You spark everybody with your commitment, support and we always know there is Big Brother!Earl Stepp That's just the start but we will make it great and awesome in near future!Zulkarnain Kamchybekov Brother, remember about your dreams and family! Good luck! Kick his ass on Saturday!

Posted by Jengishbek Nazarkul on Wednesday, May 17, 2017

Cage Fury Fighting Championships — бул аралаш таймаш (ММА) боюнча АКШнын түндүк-чыгышында 2000-жылдардын башында пайда болгон турнир. Карьерасын CFFC менен баштаган көптөгөн мушкерлер аны алда канча олуттуу UFC (Ultimate Fighting Championship — Абсолюттук мушташ чемпионаты) форматында улантышкан.

Сүрөт: CFFC


ТЕМА БОЮНЧА: