Сүрөт: Александра Титова

Бишкекте 20-майда «Музейдеги түн» аттуу масштабдуу социмаданий акция өттү. Былтыр иш-чара бир эле музейде өткөн болсо, быйыл ал 12 маданий аянтчаны камтыды. Мындай аталыштагы акциялар дүйнө жүзүндө жыл сайын өтүп турат.

Бишкектин ар кайсы жериндеги 12 көргөзмө жайларында сегиз саат бою мастер-класстар өткөрүлүп, инсталляциялар жана оюндар көрсөтүлүп, жармаңкелер уюштурулду.

Сүрөт: Александра Титова

Көркөм сүрөт музейинде балдар жана чоңдор үчүн сүрөт тартуу боюнча 20дан ашуун мастер-класс өттү. Сүрөт боюнча сабак бергендердин бири бишкектик сүрөтчү Жум Гунн болду.

Жум Гунн. Сүрөт: Александра Титова

Тарыхчы Элери Битикчи музейге келгендерге байыркы түрк сызык-бурч жазуусунун сингармонизм мыйзамдары тууралуу айтып берип жатты.

Элери Битикчи. Сүрөт: Александра Титова

Көрүүчүлөрдүн көңүлүн куудулдар ачып, скульпторлор каалаган кишилердин айкелин жасап берип жатышты.

Сүрөт: Александра Титова

Музейде өрмөкчүлүк жана автордук куурчактарды жасоо боюнча мастер-класстар өткөрүлдү. Куурчакчылар гильдиясы өз иштерин көрсөттү.

Сүрөт: Александра Титова

Драма театрында Бишкек фотосүрөт клубундагы фотосүрөтчүлөрдүн «Биздин күндөрдүн матрицасы» аттуу көргөзмөсү уюштурулду.

Сүрөт: Александра Титова

Көрүүчүлөргө «Талаа» аттуу спектакль көрсөтүлүп, андан кийин алар сахна артына коё берилди. Драма театрындагы көргөзмөнүн аягында «Пингвиндер» рок-тобу өнөрүн тартуулады.

Жарык оюну менен инсталляция. Сүрөт: Александра Титова.

Ачык асман астындагы «Эмен парк» скульптура музейинде көчө музыканттары обон созушту.

Сүрөт: Александра Титова

Эмен паркында баягы 77 жашында сүрөтчүлүктүн окуусуна өткөн Людмила Титованын көргөзмөсү болду. Сүрөткер «Чоң эне Эдопшн» фондунун колдоосу менен балдар үчүн сүрөт тартуу боюнча бекер мастер-класстарды өтүп берди.

«Мага бул жер абдан жакты, мен балдарды үйрөткөндү жакшы көрөм, алар дайыма абдан аракет кылышат», — дейт ал.

Людмила Титова. Сүрөт: Александра Титова

«705» чыгармачыл тобу чексиз баш катырмалар идеясы берилген сүрөттөрдү, жарык ойноткон инсталляцияларды жана сүрөтчү Марат Раимкуловдун кызыктуу боёмолорун көрсөттү.

Сүрөт: Александра Титова

«Асанбай» паркында Аалы Токомбаев көчөсүндө видео-арт инсталляция болду. Ангардын чоң ак тамдарында кубаттуу проекторлордун күчү менен борбор азиялык сүрөтчүлөр Саид Атабековдун, Евгений Бойковдун, Улан Жапаровдун, Александр Угайдын жана Марат Раимкуловдун иштери көрсөтүлдү.

Сүрөт: Александра Титова

Музейлер менен театрлардагы экскурсиялар жарым түнгө чейин созулуп, акыркылардан болуп «Место Д» театрынын актёрлору спектаклин аякташты. Алар театр оюнун өңчөй караңгыда коюшту.

Сүрөт: Александра Титова
Сүрөт: Александра Титова

Сүрөттөр: Александра Титова, Наиль Насритдинов


ТЕМА БОЮНЧА: