Алексей Клименко. Сүрөт: Ренат Төрөмамбетов.

Сүрөтчү-иллюстратор Алексей Клименко байыркы жаныбарларды тартып, айды ар кайсы маалда сүрөткө түшүрүп, жашыл өсүмдүктөрдөн кооздукту көрөт. Бишкектеги бактардын кыйылышына каршы ал бардык колдо болгон ыкмалар менен күрөшүүгө даяр.

Баяндоо Алексей Клименконун атынан жүргүзүлөт.

Кенедей бала чагымдан эле ата-энем мени эркелетип динозаврлар, жаратылыш жана космос жөнүндө энциклопедияларды сатып беришчү. Эс тартканы эле планетабыздагы тирүү организмдердин көп түрдүүлүгүнө суктанып келатам, биздин жаныбызда курт-кумурскалардын эле сан жеткис канча түрү жашайт!

Алексей Клименко Жердин табигый жандоочусу, Ай чагылдырылган фотосүрөттөрдүн топтомун даярдады.

Экология — баарынын башаты. Мен өзүм кесибим боюнча архитектормун, бирок кол менен сүрөт чийгенди, жаныбарлар менен жаратылышты фотосүрөткө тартып алганды жакшы көрөм. Мени өтө өнүккөн цивилизацияларга караганда жаныбарлар көбүрөөк кызыктырат. Мен сүрөт тартууга эле эмес, фотографияга да ышкым артып турат. Эң жөнөкөй бадалдарды жакшы ракурстан сүрөткө тартып алсам, беш мүнөт иштеп койгонум жетет.

Жакында мен шаардын жашыл массивин калыбына келтирүү боюнча эколог Дмитрий Ветошкиндин демилгесине кошулмакчы болдум. Толук ыктыярдуу түрдө бир тыйын албай туруп мен өзүмдү анын командасына графикалык дизайнер жана сүрөтчү катары сунуш кылдым. Өнөктүгүбүздүн аки-чүкүсүн бүт айтпай эле коёюн, бирок азыркы шаардагы экологиялык каргашаны токтото алабыз го деп үмүт кылам.

Дмитрий Ветошкин менен анын «Арча демилгеси» коомдук фонду Бишкекте бактарды кыюуга каршы петиция түзүштү. Мен аны досторумдун арасында аябай сүрөдүм, бирок ага болгону 1740 киши гана кол койду, бул өтө эле аз. Бул маселеде жарандардын аң-сезимине таасир этүүнү пландап жатабыз, аны кантип кылаарыбызды жакында билесиңер.

Тилекке каршы, адамдар жаратылышты коргоодон баш тартып, баары жайында дегендей түр көрсөтүшкөнүн көп кездештирем. Качан болсо он кишинин сегизи экологияга зыян келип жатканы тууралуу чыркыраган чындыкты байкоодон дайыма баш тартат.

Мен эколог Эмил Шүкүровдун макалаларын окуп жүрөм. Анын айтымында, дарактардын жарактуу мөөнөтү орто эсеп менен 300 жыл, алар болсо 60-жылдары тигилген. Ошондуктан дегеле эч нерсени кыйганга болбойт. Чын эле мына-мына кулайын деп турган ийри, эски бактар бар. Аларга болсо эч ким тийген жок, анткени жаман жыгачты сатсаң эч ким албайт да.

Элдин «ой, мындан пайда жок, ой, аныңды эч ким укпайт» деген кул мүнөздүгү жанды кейитет. Бактарды кыюуга каршы он киши митингге чыкса деле пайда. Антпесе болбойт, кайдыгерлик түпкө жетет. Анын үстүнө, антпесек адамдыгыбыз кайсы?

«Аба булганыч» десең, «ой, ошондой эле болчу», «чаң басып атат» десең, «ой, ошондой эле болчу», «бактар кыйылып» атат десең, «ой, ошондой эле болчу», «жүрөк-кан тамыр, өпкө оорулары күчөп атат» десең, «ой, ал ошондой эле болчу, мурун мындан да жаман болчу» дешет! Биз ушунун үстүндө иштеп атабыз, максатыбыз — күмөн санаган жана адашкан көөдөнү сокур көр пенделердин оюн өзгөртүү.

Мен шаардагы жашыл аянттарды коргоп митингдерге чыкканга даярмын. Тургундардын баарына өз ден соолугу баары бир болсо, мен көчөгө чыгып, дем алган кыйын жана жагымсыз экенин сезип эле жүрөм.

Айланада максатсыз жана пайдасыз жашоо мүнөзү туу тутулуп, «ич, же көңүл ач» эле деп атышат. «Иште, көбүрөөк иште, бирок кимдир бирөөгө иште» дешет. Бирок мен акыл-эс наадандык менен караңгылыкты жеңип чыгаарына жана биз планетабыз берген белектердин баарын талкалап салбашыбызга астейдил ишенем.

Мен адамдарга чыгармачылыгым менен таасир этким келет. Ансыз чыгармачылыктын мааниси деле жок. Бирок мен кайсы бир чындык тууралуу чыркырап жаткан кишинин ролуна умтулбайм. Өз эмгектеримде мен өтө жөнөкөй нерселерди, мисалы согуш деген жаман, тынчтык болсо жакшы, кудайларга сыйынуу жаман, космоско умтулуу жакшы деген сыяктуу чындыктарды айтканга аракет кылам. Кептин баары эмнеге артыкчылык берилгенинде, андыктан мен качан болбосун илим, маданият жана өнөр тарабында болом.

Учурда мен «Титандын тургундары» аттуу өзүмдүн автордук китебимди чыгаруунун үстүндө иштеп жатам. Анда мен Сатурндун жандоочунун көмүр көлмөлөрүндө жана метан деңиздеринде калкып жаткан болжолдуу тирүүлүк эволюциясын чагылдырганга аракет кылам. Ооба, Титанда метан суюк абалда болот жана бул жандооч биздин Күн системасындагы болжолдуу тирүүлүк бар дүйнөлөрүнүн ичинде биринчи орунда турат. Абиогенез теориясына ылайык Титандын деңиз тереңдиктеринде тирүүлүк пайда болушуна зарыл компоненттердин баары бар, андыктан мен ойдон чыгарылган гексаподдерди, угреиддерди жана башка жапайы жандыктарды чагылдырганга аракеттенем.

Тилекке каршы, бул идеяларды жүзөгө ашырууга таптакыр убакыт жетишпейт, андыктан китеп жакын арада жарыкка чыгышы күмөн.

Ошол эле учурда мен «Заманбап өлүмгө тете күнөөлөр» деген иштер топтомун даярдап жатам. Бул жерде мен Библияда айтылган өлүмгө тете күнөөлөрдү эмес, алда канча маанилүү жана зарыл нерселерди — планетанын булганышын, жин тийгендей керектөө маданиятын, акчага сыйынууну жана албетте диндин өзүн чагылдырам.

Акыркы тема боюнча, мен XXI кылымда дин өз маанисин жоготуп, азыркы коомдун өнүгүшү жана илимий прогресс үчүн натыйжалуу болбой калганы аз келгенсип зыянын тийгизип жатат деп эсептейм, бирок ал тууралуу башка жолу кеп болсун.

Адам болуп туулган соң өз өмүрүнүн маңызын эскирген китептен издөөнүн мааниси жок, убакытты анчалык текке кетирүүнү ойлоп табыш да кыйын.

Ааламдын түзүлүшү кайсы ыйык китеп болбосун сүрөттөй ала турган деңгээлден алда канча таң каларлык нерсе да.

Маектешкен: Александра Титова


ТЕМА БОЮНЧА: