«24.kg»: «Боинг-747нин» кулашынан жабыркагандар кандай кун алышат?

«24.kg» маалымат агенттигинин журналисттери жүк ташуучу «Боинг-747нин» кулашынан жабыркагандар канча кун алганы жазылган расмий документтерди таап чыгышты.

Жалпысынан Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин эсебине каражат бөлүштүрүлгөнгө чейин кайдыгер эмес адамдар 102 миллион 499 миң сом которгон.

Өкмөт жардамдын кандай бөлүштүрүлгөнүн тизме боюнча жарыкка чыгарган жок, аны жабыркагандардын коопсуздугун камсыз кылуу менен түшүндүрдү.

«24.kg» маалымат агенттигинин журналисттери 10-майга карата мерт болгондордун жана жабыркагандардын үй-бүлөлөрүнө каражат бөлүштүрүүүнүн расмий документтерин алышты.

Ошол учурда өкмөт жабыркагандардын эсебине 92 миллион сомдон ашуун акча которуп койгон.

Жабыркагандардын ар бирине берилген кундун өлчөмү жана төлөнүшү 2,3 миллион сомдон 12,15 миллион сомго чейин барат.

Кун төлөөдө бийлик адамдын көз жумган жакындарынын санын, ден соолукка тийген зыянды жана психологиялык стрессти эске алган.

Мисалы, жабыркагандардын бирине 2,3 миллион сом төлөнгөн — ага каза тапкан тууганынын, талкаланган үйүнүн жана психологиялык стрессинин куну кошулган.

Башка бирөө 4,15 миллион сом алган, авиакырсыкта анын үй-бүлөсүнөн эки киши каза тапкан.

Үчүнчүсү каза болгон эки жакыны, колунда калган жетимдери, ден соолугуна тийген зыян жана талкаланган үйү үчүн 6,3 миллион сом алган.

Документтерде көрсөтүлгөн эң чоң сумма — 12,15 миллион сом. Жабыркаган кишинин төрт жакыны мерт болуп, алардын эки баласы жетим калган.

Өкмөт жетим калган балдарга да акча бөлүп берген. Алардын ар бирине эки миллион сомдон бөлүнгөн. Акча депозитке которулган, балдар ал акчаны жашы жеткенде гана ала алышат.

Дагы тогуз киши 500 миң сомдон алды, алар талкаланган үйлөрдү калыбына келтирүүгө жумшалууга тийиш.

Өкмөттүн маалыматына караганда, жети киши өзүнө үй-жай сатып алды. Новопавловка айыл өкмөтүнүн башчысы Улан Садалиев ӨКМдин атайын эсебинде бөлүштүрүлө элек акча калганын, анткени аны бир топ киши ала элек экенин айтты.

«Бүгүнкү күндө жергиликтүү элде инфратүзүм жана калктуу конуштун мындан аркы статусу боюнча суроолор бар — ал жакка айыл статусу берилеби-жокпу, белгисиз», — деди ал.

Мындан тышкары, кулап түшкөн учакка ээлик кылып жүргөн Түркиянын «ACT Airlines» авиакомпаниясы да өкмөткө 42 миллион сом которгон.

Өкмөт ал акчаны кыштак тургундарына бере элек. Бийлик адегенде түрк тараптын 195 миллион сом өлчөмүндө толук кун төлөшүн күтүп туруп, андан соң акчаны бөлүштүрүүгө киришет.

Жүк ташуучу «Боинг-747» авиалайнери 2017-жылдын 16-январында «Манас» аба майданына учуп жетпей Бишкектин жанындагы Дача-СУ кыштагына кулап түшкөн.

Кырсыктын айынан 39 киши, анын ичинде төрт экипаж мүчөсү жан берген.


ТЕМА БОЮНЧА: