Айсулуу Тыныбекова Кыргызстанга дагы бир алтын медаль алып келди

Айсулуу Тыныбекова Кыргызстанга бир ай ичинде экинчи алтын медаль алып келди. Күрөш боюнча Азия чемпионатынан кийин эле кыргызстандык балбан кыз Ислам тилектештик оюндарынын жеңүүчүсү болду.

Бул күндөрү Бакуда (Азербайжан) өтүп жаткан Исламиада-2017ге Тыныбекова 58 килограммга чейинки салмак категориясында катышты. Эркин күрөш боюнча Тыныбекованын атаандаштары Түркиянын жана Азербайжандын спортчулары болду.

Беттешүүлөр айлампа боюнча жүрдү. Мелдештин биринчи бөлүгүндө Тыныбекова түрк кызы Дария Байхандан күчтүүрөөк болуп, 10:0 эсебинде утту. Чечүүчү кармашта кыргызстандык спортчу оюн ээсинин өкүлү жана Европа чемпионатынын коло медалынын ээси Алена Колесник менен беттешип, аны да 5:2 эсебинде жеңип чыгып, оюндардын алтын медалына татыды.

Айсулуу Тыныбекова Кыргызстандын эсебине бул оюндардын төртүнчү алтын медалын алып берип отурат. Эң жогорку байгени ошондой эле дзюдочу Юрий Краковецкий жана балбандар Муслим Евлаев менен Каныбек Жолчубеков да жеңип алышкан.

Жалпы медалдык эсепте Кыргызстан эң мыкты он команданын катарына кирди. Улуттук курама команданын эсебинде бул жолу төрт алтын, төрт күмүш жана сегиз коло медаль бар.

Ислам тилектештик оюндары 12-майда башталган, алар бүгүн, 22-майда аяктайт. Мелдештерге Ислам кызматташтык уюмуна кирген 54 мамлекеттин өкүлдөрү катышты.

Тыныбекова күрөш боюнча өз карьерасында экинчи ирет Азия чемпионатынын алтын медалын утуп алганына бир жумадан аз эле ашты. Казакстан менен Жапониядан барган атаандаштарын кыйынчылыгы жок эле жеңип чыгып, турнирдин финалында ал Индиянын өкүлү менен беттешип, ага бир да упай калтырган жок — 6:0.

Сүрөт: Тыныбекова Риодогу Олимпиадада/Оюндардын расмий сайты


ТЕМА БОЮНЧА: