Атамбаев «тыгыз графигине» байланыштуу Трамп менен жолукпай калды

Президенттин басма сөз кызматы президент Алмазбек Атамбаев «тыгыз графигине» байланыштуу АКШ президентинин араб-мусулман өлкөлөрүнүн өкүлдөрү менен Сауд Аравиясындагы жолугушуусуна барбай калганын билдирди. Эр-Риядда террорчулук маселесин талкуулаш үчүн 50гө жакын өлкөнү башчылары жана Дональд Трамп чогулган.

Сауд Аравиясындагы саммитте араб-мусулман өлкөлөрүнүн башчылары менен АКШнын ортосунда террорчулук менен күрөштө өз ара кызматташуу маселеси талкууланып жатат.

Саммитке Борбор Азиянын үч гана өлкөсүнүн — Өзбекстандын, Казакстандын жана Тажикстандын президенттери катышууда.

Нурсултан Назарбаев, Шавкат Мирзиеев жана Эмомали Рахмон Сауд Аравиясындагы саммитте.

Кыргызстандын президентинин басма сөз кызматынын башчысы Алмаз Үсөнов Kloop.kgге президенттин ордуна жолугушууга биринчи вице-премьер Мухамметкалый Абулгазиев кеткенин кабарлады.

«Биздин президент чакырылган, бирок тыгыз графиктен жана мурда пландалган иштерден улам бара алган жок. Кыргызстандан биринчи вице-премьер Мухамметкалый Абулгазиев кетти, ал азыр ошол жакта жүрөт», — деди Үсөнов.

Мамлекет башчыларынын жолугушуусунун алкагында «Сауд Аравиясы — АКШ», «Араб мамлекеттеринин кызматташтык кеңеши — АКШ» жана «АКШ — Ислам дүйнөсү» деген үч саммит өтүп жатат.

Биринчи саммитте Сауд Аравиясынын падышасы Салман ибн Абдул-Азиз Аль Сауд Дональд Трамп менен жолугушту. АКШ менен Сауд Аравиясы баасы 109,7 миллиард доллар өлчөмүндө курал жеткирүү боюнча бычымга кол коюшту.

Ак Үйдүн басма сөз катчысы Шон Спайсер бул бычым АКШнын тарыхындагы эң ири аскердик бычымдардын бири болгонун билдирди.

Бүгүн, 22-майда аймактык коопсуздук жана туруктуулук маселеси талкуулана турган дагы бир жолугушуу өтүп жатат. Андан тышкары, АКШ менен Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрүнүн мындан аркы кызматташтыгынын маселелери талкууланат.

Кийинки саммит «АКШ — Ислам дүйнөсү» деп аталып, анда талкуунун негизги темасы террорчулук менен күрөш болот. Ага Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев жана Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон катышат.

Сүрөт: «Джордан Таймс»