Чет өлкөгө студенттердин тандалышы текшерилет

Билим берүү министри Гүлмира Кудайбердиева өзү жетектеген мекеменин Коомдук байкоочу кеңешине кайрылып, чет өлкөдө бекер окууга өтүнмө берип жаткан студенттердин тандалышын текшерүүнү өтүндү.

Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматы Коомдук кеңеш чет өлкөдө бекер окууга өтүнмө берип жаткан студенттердин тандалышын текшерээрин билдирди.

Байкоочу кеңеш бардык жол-жоболорго калыс баасын берүүгө тийиш.

Министр депутат Жанар Акаевдин Венгрияга окууга аткаминерлер менен мамлекеттик кызматкерлердин балдары барып жатканы тууралуу сөзүнөн кийин ушундай чечимге келди.

2016-жылы Венгрия менен Кыргызстан кол койгон макулдашууга ылайык 25 кыргыз студенти венгер университеттеринде бекер билим ала алышат.

Акаевдин айтымында, гранттык окууга 100дөн ашуун киши өтүнмө берип, бирок алардын документтери тандоо комиссиясына жөнөтүлбөй калган.

«Ал аз келгенсип, резервде турган 25 баланын да документтери жөнөтүлгөн эмес. Кандайдыр сырдуу жол менен алардын ордуна аткаминерлердин балдары кирген башка тизме жиберилген», — деп билдирген Акаев 18-майда.

Өз кезегинде Билим берүү министрлиги конкурстар ачык өтөөрүн, конкурстун негизги бөлүгүн Венгриянын жогорку окуу жайлары өткөрүшөөрүн билдирген.


ТЕМА БОЮНЧА: