Мэрия Бишкектин тургунуна тешилген шинасы үчүн 2300 сом төлөп берди

Бишкектин тургуну Бактыбек Абдуллаев тешилген шинасы үчүн мэриядан акча өндүрүп алды. Анын автоунааасынын дөңгөлөгү оңдолуп жаткан жолдогу таштардан улам жарылып кеткен.

2017-жылдын 10-мартында кечке маал Бишкектин тургуну Бактыбек Абдуллаев Панфилов көчөсүндө баратып, анын автоунаасы жолдо жаткан таштарды тебелеп алган. Натыйжада автоунаанын бир дөңгөлөгү жарылып кеткен.

Абдуллаев ал жерде оңдоо иштери жүрүп жатканын, бирок ал ошону эскерткен белгилерди көрбөгөнүн айтып берди. Ал зыянын төлөтүп алыш үчүн мэрияга кайрылып, бирок мэрия андан баш тарткан.

«Биринчисинде мен өзүм рулда кунт койбой отурганым тууралуу сөз уктум. Андан кийин муниципалитетке арыз жазып, «Бишкекасфальтсервис» коопсуздук эрежелерин сактабастан иштеп жатканын көрсөттүм. 30-мартта мэриянын комиссиясы түзүлүп, ал мен тарткан зыянды төлөп берүү тууралуу чечим чыгарды», — дейт ал.

Бирок чечим аткарылган эмес. Андан кийин Абдуллаев мэр Албек Ибраимов менен Интернет аркылуу байланышууга аракет кылган. Ага мэр анын маселесинен кабардар экендиги айтылган. Зыяндын ордун төлөө тууралуу кат Абдуллаевге 21-апрелде келген, бирок ал акча ала алган эмес.

Ошондо Абдуллаев мэрияга үчүнчү жолу  — 2017-жылдын 13-майында кайрылган. Төрт күндөн кийин ага акыры 2300 сом төлөп беришкен.

«Бишкекасфальтсервистин» башчысы Мирлан Амантуров мэрия Абдуллаевге чын эле акча төлөп бергенин моюнга алды, бирок бардык коопсуздук эрежелери сакталганын билдирди.

«Биз жердин баарында жол белгилерин койгонбуз. Ал так эле оңдоо иштери жүрүп жаткан жерге кирип барган. Анын өзүнүн да күнөөсү бар десек болот», — деди Амантуров.


ТЕМА БОЮНЧА: