Мэрия: Токтоналиев көчөсүндөгү бактарды кыйышка туура келет

Шаардын жетекчилиги Бишкекте Токтоналиев көчөсүндөгү бактарды сактап калууга аракет кылаарын билдирди. Бирок жолду кеңейтүүгө жолтоо болуп жаткан бак-шакты алып салышка туура келет.

Бишкектин мэриясы Токтоналиев (мурдагы Душанбинская) көчөсүндөгү бактарды кыюу маселеси дагы эле ачык экенин кабарлады. Шаардын жетекчилиги тургундардын арыздарын угуп чыгып, бактар менен бадалдарды сактап калыш үчүн колдон келишинче аракет кылууга убада берди.

Капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Нурлан Эшенбаев жолдун автоунаа өтө турган жагындагы бактар менен бадалдарды жолдон алууга туура келээрин айтты.

«Андай болсо биз эч нерсе кыла албайбыз. Кыйганга туура келет. Жөө чыйырларда өсүмдүктөрдүн баарын сактап калганга аракет кылабыз. Болгону бактарды тосуп, бактарды кыйганга муктаждык болбогудай кылып асфальт төшөйбүз», — деди Эшенбаев.

Эшенбаевдин айтымында, кайра куруудан кийин бийлик мүмкүн болгон жердин баарына бак-шак отургузат.

Долбоорго ылайык бийлик 1034 бакты кыйган атат. Муниципалитет Манас проспектинин жүгүн жеңилдетиш үчүн эки катар жолду төрт катар кылгысы келет. Азыртан эле жолдун үстүн сыйруу иштери башталды.

Токтоналиев көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн айрым тургундары шаар жетекчилигинин ишине нааразы. Алар бактарды кыюуну токтотууну талап кылып өз үйлөрүнүн жанында нечен жолу митингдерге чыгып, чогулуштарды өткөрүшкөн. Бул жерде жашагандар көчөнү оңдогонго каршы эмес, бирок бактардын келечеги аларды кооптондурат.

«Көзгө сүйкүм төтө жолдордо кетип баратып ушунун баары кыйылаарын элестеткенде көзүмө жаш тегеренет», — дейт жергиликтүү тургундардын бири Яника Ливинская.

Башка тургундар шаар жетекчилигинин демилгесин колдойт. Алардын айтымында, көчөлөрдү оңдогонго эчак мезгил жетти.

«Менимче бул жакшы идея. Жаңы жөө чыйырлар болот, сугат системасын да алмаштырып берели деп жатышат. Мен бул жерде көптөн бери жашайм, бул жердин дегеле бир оңдолгону эсимде жок. Эми болсо жаңы, кенен болот», — деди тургундардын бири Заирбек Маматов.

Мэриянын долбоору кытай грантынын эсебинен ишке ашырылууда. Кытай өкмөтү орто эсеп менен 95 чакырым жолду кайра куруп чыгыш үчүн төрт миллиард сомдон ашуун акча бөлгөн. Шаардын 49 көчөсү оңдолот.

Сүрөт: «Заноза»


ТЕМА БОЮНЧА: