Текебаев менен Чотоновдун соту бешинчи июнга дайындалды

Бишкектин Биринчи май райондук соту оппозициячы Өмүрбек Текебаев менен мурдагы депутат Дүйшөнкул Чотоновдун иши боюнча териштирүүнү бешинчи июнга дайындады.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Текебаев менен Чотоновдун иши боюнча иликтөөнү 16-майда аяктады. Материалдар сотко өткөрүлдү.

Мурда оппозициячынын адвокаты Чынара Жакупбекова Текебаев иш менен таанышууга үлгүрбөгөнүн билдирген. Анын айтымында, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөөчүлөрү документтер менен таанышууга 17 гана күн берип, алардын сегизи дем алыш күндөргө туура келген.

«Ата-Мекен» партиясынын башчысы Өмүрбек Текебаев УКМКнын тергөө изоляторунда 26-февралдан бери отурат. Ал кызмат сапарынан кайтып келатканда «Манас» аба майданында кармалган, ага каршы «Коррупция» жана «Алдамчылык» беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.

Тергөө Текебаевди 2010-жылы орусиялык ишкер Леонид Маевскийден пара алган деп шек саноодо. Депутат бул үчүн ага «Мегаком» компаниясын башкарууга жол ачып берүүгө убада берген деп айыпталып жатат. Тергөөчүлөр мурдагы депутат Чотонов бул иште ортомчу болгон деп эсептешет.

Текебаев өзү күнөөсүн танып, ага каршы козголгон иш саясий мүнөздө деп эсептейт. Оппозициячынын кесиптештери да Текебаевдин камакка алынышын «саясий куугунтук» деп атап келатышат.

Текебаев менен Чотоновдун тарапкерлери аларды бошотууну талап кылып бир нече жолу Бишкекте, Ош жана Жалал-Абад облустарында митингдерге чыгышкан.

Сүрөт: «Заноза»


ТЕМА БОЮНЧА: